Бийлик менен Көлбаевге кызмат кылган Куттубай Мурзабаевдин амалы суу кечпей калганда


Курулуш магнаты, “Орион” отелинин ээси Куттубай Мурзабаев кыйыр түрдө Камчыбек Көлбаевге бизнес өнөктөш катары айыпталып, камалып, чала-була “кусканы” да айтылган. Канча миллион экени белгисиз. “Укмуштуунун төөсү жорго” демекчи, Куттубай өткөн жылы Ат-Башыдагы УКМКнын имаратын салып берсе, Теңир-Тоодогу “Куланак” ГЭСин курууга салым кошсо, ички инвестор катары кулачын жайып атса, аягында түрмөгө жатып, жалдырап кайра чыкканы кандай? Көлбаев өлгөндөн кийин айыбы ачылып, элге жаманатты көрүнүп, кылмыш иштеринен арыла албай, азыр дагы кайрадан “кайырмакка илинүү” коркунучунда жашап жатабы? “Кызыл” менен “карасына” бирдей кызмат кылууга амалданып, бирок ойлогону оңунан чыкпай, соңку тагдыры тайгалак зоодо калгандай... Дагы миллиондорду “окшуп-окшуп” береби?..
"Азия Ньюс" гезити











