Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт МАМЫТКАНОВ, айыл чарба боюнча эксперт: “Чет өлкөдөн жылына 120 миллион долларга эт сатып алабыз, өзүбүз өндүрсөк болбойбу?”

Бакыт МАМЫТКАНОВ, айыл чарба боюнча эксперт: “Чет өлкөдөн жылына 120 миллион долларга эт сатып алабыз, өзүбүз өндүрсөк болбойбу?”

31-октябрь, 14:37
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эл менен айыл чарба министрлигинин байланышы кандай? Бул жаатта жылыш барбы?

-- Айыл чарбабызда абал кыйыныраак эле болуп турат. Суу чарба ж.б. тармактар өз алдынча бөлүнүп кетти. Мейли, министрликте иштеген адамдар азайсын, бирок алар азыр деле жакшы иш аткарса болот. Кеңеш бере турган, шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, мамлекеттик деңгээлде ошонун баарын айтып жеткиришсе болот. 

-- Кандай кеңеш берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар?

-- Элге азыр айыл чарба боюнча көбүрөөк кеңеш керек. Өнүгүү жолуна кеңеш, консалтинг жолу менен көбүрөөк жардам берип койсо болот. Акыркы учурларда жер-жерлерге чыгып, семинарларды өткөрүп жүрдүм. Мени эл айыл чарба министрлигинде иштеп турганда “ушундай адистер бар экен” деп кубануу менен кабыл алып жүрүштү.

 Айта кетсек, жылына 120 миллион долларга жакын акчага эт сатып алып жатабыз. Квота беребиз. Ошондо биздин акчалар башка мамлекетке чыгып кетип жатат. Азыр биз башка мамлекеттерден 60 миң тонна тооктун этин сатып алабыз. Ошол тооктун этин өзүбүз өндүрсөк, өстүрсөк болот. Болгону эле чоң трибунадан айтып, кеңеш берип, жол көрсөтүп турушубуз керек. Мисалы, “тоокту өзүңөр баккыла” десе, “мамлекет айтып жатат” деп элге стимул болмок. Эл ойгонмок, аракеттенмек.

-- Сапатуу азык да болмок да...

-- Сапаты боюнча айта албайм. Бирок, ошол акча өзүбүздүн элибиздин чөнтөгүндө калмак да. Андан тышкары, эт боюнча айтсам, абердин ангус породасындагы уйларды баксак болмок. Абердин ангустун этинин сапаты жогорураак. Мал өзү дагы биздин тоолуу жерлерге ылайыкташкан. Башка мамлекеттер бизден эт сурап жатат. Биз алар сурагандай көлөмдө эт сатууга шартыбыз жок. Эгерде эртең дагы эт сураша турган болсо, биз ага бүгүнтөн тарта даярданышыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин аты менен айтып, түшүндүрүшүбүз керек. Мен буга чейин дагы семинарларда айтып келе жаткам, бүгүн дагы “Агахан” фондусунун 2020-2021-жылга долбоорлорун пландоого катышып, өз пикиримди билдирип келдим. Талкуу жүргүздүк. Мен азыр айыл чарба министрлигинен кеткен күндө деле, айыл чарба боюнча болгон кеңешим менен бөлүшүп, элдин өнүгүшүнө салым кошсом (!) деген ниеттемин. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер