Бишкек шаары үчүн Балбак Түлөбаев акыркы “патрон” беле?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым өкүлү Балбак Түлөбаев бүгүн Бишкек шаарынын калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды (жаңы мэр шайланып келгиче). Дайындоого премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул жигит кайсы гана кызматка барбасын иштин көзүн билген, тынымы жок, көйгөйлүү маселени чече билгени менен айырмаланып турат. Жетекчилер менен да, эл менен да тил табышкан иштерман менеджер экени айныксыз иш. Бирок, мурунку бийликтин түзгөн партиясынын камчысын чаап, парламенттик шайлоо башталар алдында атайын Ысык-Көл облусунун жетекчилигине жиберишкени жалганбы? Эгер андай болсо, Бишкек шаарынын мэрлигине моралдык укугу барбы (?) деген суроо жаралбай койбойт экен. Жаңы бийликтин эшигин шыпарабы? Жаштар эмнеге анда эски бийликти оодарды? Бизде реформатор, шаарды көрктөндүрө турган Балбактан да иштерман жигит табылбайбы? Же акыркы “патрон” беле?..
Aryba.kg