Акыркы кабарлар
» Саясат » Жеңишбек Токторбаевдин сөгүнүп пиар кылганы – элди сыйлабастыгы!
Жеңишбек Токторбаевдин сөгүнүп пиар кылганы – элди сыйлабастыгы!
10-май, 22:25

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол астында иштегендерди “энеңди...” деп сөгүп аткан видео тарады. Ушул көрүнүштү пиар кылышканы таңгалдырууда. “Көпчүлүктүн көңүлүн бурдурабыз” дешкенби? Кызык, жактоочулары жерге-сууга тийгизбей макташты. Деги эл болуудан калып бараткан жокпузбу? Токторбаевдин бети кызарса, элден кечирим сурап койбойбу? Же эч кимди көзгө илбей калганбы? Коомчулук астында сөгүнгөнү менен текеберленип, көпкөнчүлүгүн көрсөткөнү акылга сыйбайт. Бул жоругу элди сыйлабастыгы катары бааланууда! “Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма” дейт. Иштин бүткөнү да...
"Азия Ньюс" гезити