Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровдун Өзбекстан, Түркмөнстанга барышы күтүлүүдө

Садыр Жапаровдун Өзбекстан, Түркмөнстанга барышы күтүлүүдө

25-февраль, 14:48
2 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстан жана Түркмөнстанга барышы болжолдонууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев айтып берген.

Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары тууралуу буга чейин Ниязалиев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин онлайн-сүйлөшүүсү учурунда да айтылган.

"Садыр Жапаров КРдин президенти болуп дайындалганда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиеёв да куттуктап, коңшу мамлекетке расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Буга байланыштуу биз азыр дипломатиялык каналдар менен даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Аны уюштуруу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аппараттын макулдугу менен аныкталат. Убактысы такталган соң иш сапарды уюштуруу иштерин баштайбыз", — деди Ниязалиев.

Министрдин орун басары президенттин коңшу мамлекетке иш сапары жакынкы аралыкта боло турганын белгиледи.

"Азыр мамлекет башчы Россияда жүрөт. Андан кийин Казакстанга барышы болжолдонууда. Анткени коңшу мамлекеттин башчысы Токаев да аны Казакстанга чакырган. Жапаровду өз өлкөсүнө чакыргандардын арасында Түркмөнстандын президенти дагы бар. Азыр күн тартибинде ушул мамлекеттерге иш сапарларды уюштуруу маселеси каралып жатат", - деди Ниязалиев.


“Спутник”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер