» Саясат » Депутат Бишкектин бир районун Турдакун Усубалиев деп өзгөртүүнү сунуштады
Депутат Бишкектин бир районун Турдакун Усубалиев деп өзгөртүүнү сунуштады
21-декабрь, 18:56
296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Депутат Мирлан Самыйкожо Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аталышын Турдакун Усубалиев деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйында айтты. Анда депутат "Биринчи Май районун өлкөбүздү 24 жыл башкарган жана “мрамордон шаар курам” деген максаты, милдети бар Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарсак жакшы болот эле. Муну тургундар менен да талкууга коюу керек. Анын негизинде "мен кыргызмын" деген инсандар сунушка каршы болбойт деген үмүттөбүз" деди ал. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев аталган сунушту эске алып, жергиликтүү бийликке сунуштаарын билдирди.