Динчил күйөөм командировкага кетсе, мен үчүн чер жазуу башталат...

Сиздердин Aryba.kg сайтыңыздарда аялдардын ички дүйнөсүнө байланыштуу каттар чыгып турат экен. Калтырбай окуйм. Анан ойлонуп, өзүмдүн сезимдерим менен кыскача бөлүшүүнү туура таптым.
Мен башта университетте иштеп жүрүп, кийин чакан бизнес ачып кеткем. 40 жаштамын. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштейт. Командировкаларга көп чыгат. Динди да бекем кармап калды. Үй-бүлөдө көп чектөөлөрдү кыла берет. Ал качан гана жумушчу сапарлары менен сыртка чыгып кеткенде, менде эркиндик пайда болорун жашырбайм. Курбуларым менен жолугушабыз, ичкиликтен аз-маз татып, майрамдарды улантабыз. Ушундай күндөрдүн биринде 10 жаш кичүү жигит менен таанышып калып, тымызын мамиле кылууга да өттүм. Кадимкидей эргүүгө батам. “Бальзаковский возраст” деп коёт го... Көңүлүң каалап, ички сезимдериң ашыкча самап атса, аны бир күйөө менен чектөөгө алууга чыдаган жокмун. Дайыма эле кысылуу, тартынуу менен жашасаң бук болуп кетет экенсиң. Жаш курагыбыз өтүп атканда ойноп-күлүп алууга кандай карайсыңар? Рамкада калган күндөрдө калгым келбейт...
Эркинай Ж.
Aryba.kg