Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткен: “Тажикстан менен чектеш аймакта жоголгон эки жигит изделүүдө”

Баткен: “Тажикстан менен чектеш аймакта жоголгон эки жигит изделүүдө”

24-апрель, 15:44
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун Лейлек районундагы Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылынын эки тургуну 24-апрелге караган түнү курулуш жүрүп жаткан жерден дайынсыз жоголгон.

Бул тууралуу алардын жакындары билдиришти. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарап жатат.

Маалыматты Баткен облустук акимчилигинин басма сөз кызматы да "Азаттыкка" тастыктады. Күч органдарына дайынсыз болгон жарандарды издөө тапшырмасы берилгенин кабарлады.

Алар чектеш аймактан жоголгонуна байланыштуу Тажикстандын күч кызматтарына да кабар берилген.

Жеринен 21-апрелде эртең менен тартылган деген видеодо окуя түндө болгону, алар курулуш иштерин жүргүзүп, чатыр тиккен аймакка жакын жерде тажик чек арачылары турганы айтылган. Жигиттердин бут кийимдери кан болуп, бирөөсүнүн кол телефону төшөгүндө калганын көрүүгө болот.

Туугандары коңшу мамлекеттин жарандары эки жигитти курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда. Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуяны иликтеп анан так маалымат берилерин айтты. Кыргызстандын Чек ара кызматы жана тажик тараптан азырынча расмий комментарий боло элек.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер