Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейдалы Мырзакматов,экономист: “Майда жер титирөөлөр чоң соккулардын алдын алат”

Сейдалы Мырзакматов,экономист: “Майда жер титирөөлөр чоң соккулардын алдын алат”

18-июль, 22:05
504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убакта өлкөбүздө 3-4,5 баллдык жер титирөөлөр көп катталууда. Коомчулукта кооптонуулар бар. Сейсмология институту алдын ала пайдалуу иштердин өтөөсүнө чыга алабы?

-- Сиз берген суроолор, албетте, бул атайын адистер үчүн. Бирок биз, экономисттер коомдук, табигый илимдердин катарында турабыз. Анүстүнө статистика, оюн теориясы, ыктымалдуулук теориясы, кибернетика, математикалык, сызыктуу, сызыктууэмес, экономикалык моделдөө ж.б. илимий дисциплиналар менен көп иштейбиз. Ошол себептен, жер титирөө боюнча адис катары эмес, жалпылаштырылган кандайдыр бир пикирлерди гана айта алабыз.

Кыргыз Республикасы жалпы жонунан сейсмикалык активдүү аймак зонасында, тектоникалык пластырда турат. Статистикага таянсак, майда жер титирөөлөр дайым эле болуп келет. Мындан коркунуч жок. Илимдин акыркы парадигмасы бул тема боюнча ушундай, чакан, бирок тез-тез болгон жер титирөөлөр жеңилдикти камсыз кылат, жумшартат жана күчтүү, чоң соккулардын алдын алат.

    -- Сейсмология институту боюнча да кошумчалай кетсеңиз?

-- Бул институт сөзсүз керек. Акыркы жылдарда өлкөбүздө дилетанттык ой-пикирлерди айткандар, баарын акча, материалдык эффект менен эсептегендер көбөйдү. Анын ачык мисалы, улуттук илимдер академиясы боюнча бир нече жыл мурун болгон дискуссиялар. Илимий институттардын ишин дайыма эле материалдык, акчалай сандар менен эсептөөгө болбойт. Фундаменталдык илимдер да так ушундай. Сейсмология жалаң эле прикладдык бүтүм, болжолдоо бере бериши сөзсүз эле акыркы шарт эмес, бул институт келечекке, узак мөөнөттүү мезгилге, перспективага иштейт.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер