Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевдин УКМКны жетектегенге моралдык укугу барбы?

Ташиевдин УКМКны жетектегенге моралдык укугу барбы?

06-май, 11:58
2 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен чек арасындагы маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдын ала баарын билгенин айтып, көпчүлүктү таңгалдырды. Анда эмнеге биз тараптан даярдыктар, тийешелүү чаралар көрүлгөн эмес? Ошол эле кезде ал Германияга дарыланганы кетип калып, согуш чыккандан кийин кайтып келген. ЖМКлар 16 жаштагы футбол ойногон баласынын туулган күнүнө кеткенин жазышкан болчу. Ушунчалык да мекенге кайдыгер беле?

Бул көрүнүштү коомчулук талкууга алып, сын-пикирлерин, жек көрүүсүн жаадырууда. Ташиев согуш чыгарын билип туруп, Европага учуп кеткенине кандай баа берилет? Чечмелөөнүн деле кажети жок. “Элдин көзү көрөгөч” демекчи, баары алаканга салгандай айкындалып калды.

“Айтылган сөз – атылган ок” дейт. Башта Ташиев тажиктерге өтүп аткан контрабанданы бууп саларын, керек болсо курал колдонууга барарын, Баткенден бир метр артка чегинбей, суу сактагыч курарын ж.б. пландарын көбүртүп-жабыртып айтып келген. Соңунда эмне болду? Тажикстан куралдуу кол салуу менен жерибизди басып кирип, чек ара заставаларын талкалап, айылдарды өрттөп, элибизди кыргынга алды. Натыйжада, жансоогалап атып, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ок атышпоого көндүрүп, аскерлерин араң чыгардык. Анан калса, Баткендеги жоготуулардын ордун толтурууну Ташиев Тажикстан тараптан сурабай турганын “балп” эттирди. Кыргыздын салтында, мыйзамда, дегеле дүйнөлүк практикада дагы кун төлөтүү, калыбына келтирүү каралган да, туурабы? Минтип сырыбызды алдырганыбыз – жаныбызды суурутуп салууга барабар да, качан акылыбызга келебиз?

Кыскасы, УКМК төрагасы алдын ала бакылдап, дардаңдай бергени каран күнгө себепчи болдубу? Мындан ары Ташиевдин бул кызматта калуусуна моралдык укугу барбы? Деги эле оор жоготуулардан сабак алдыбы? Тажиктер бат эле тарбиялап” койду гоЭми мындан аркы кадамы кантет, ыяСуроолор көп. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер