Сеидбек атасы Алмазбек Атамбаевдин кадыры менен добуш жыйнап, жеңишке жетеби?
Бир мандаттуу Аламүдүн округунан Сеидбек Атамбаев парламенттик шайлоого аттанып, аракетин кылууда. Саясый тажрыйбасы аз болсо да өжөрлөнүп, намыс үчүн чыкканы белгилүү. “Сооронбай менин кабыргамды, бутумду сындырды! Эркимди майтара алган жок. Андан өч алам!” деп айтууда. Негизи Аламүдүн районундагы шайлоочулар Сеид үчүн эмес, атасы Алмазбек Атамбаевге добуш беришери анык. Себеби, экс-президент түрмөдө жатат, аны кичи мекени кадыресе жогорку деңгээлде колдошот. Соке бийликтен кулагандан кийин Атамбаевдин рейтинги өсүп, өлкөдөгү беделдүү саясатчылардын алдыңкы катарына чыкканы жашыруун эмес. Дал ушундай шансты Сеид канчалык деңгээлде пайдалана алат? Кеп ушунда. Эгерде элге үмүт берип, туура кадам таштаса, атасынын аркасы менен депутаттык мандатты илип кетет. Дарамети жетишсиз болсо, анда айла жок, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылат...
"Азия Ньюс" гезити