Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » IT кызматкери жумушсуз калбайт. Жаңы муундун баалуу кесиби...

IT кызматкери жумушсуз калбайт. Жаңы муундун баалуу кесиби...

30-июль, 19:49
2 326 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Замандын талабына жараша дүйнөдө IT адистерине суроо-талап күн сайын өсүп жатат. Бул интернеттин кеңири жайылышына жана санариптешүүгө түздөн-түз байланыштуу. Пандемиянын айынан онлайн байланыш IT кызматкерлери жумушсуз калбай турганын ачык көрсөттү. Кыргызстанда да бул тармак өнүгүп, программисттерди даярдаган курстар арбын. Алардын бири Codify Lab мектебинин негиздөөчүсү Динара Руслан менен маектештик. 

-- Codify Lab учурда ийгиликтүү иштеп жаткан IT мектептердин бири, бул деңгээлге жетүү кыйын болдубу?

-- Биздин академиянын негиздөөчүлөрү IT жаатында 7-10 жылдан ашуун убакыттан бери аралашып келишкендиктен, рыноктогу суроо-талапты жакшы билишкен. Ошондой эле эл аралык Zensoft IT компаниясынан келгенибиз да негизги ролду ойноду. Себеби, бул компания ар бир багыт боюнча уникалдуу окутуу программасын иштеп чыгышкандыктан, биз Батыштын стандарттары боюнча насаатчылык тажрыйбадан өткөнбүз. Мындан тышкары, COVID-19га байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга, санариптешүү жана автоматташтыруу зарылчылыгынан улам биздин программисттер уникалдуу LMS (Learning management system) системасын иштеп чыгышкан. Биз ушул оор кырдаалга ылайыкташып, уникалдуу IT өнүмүн түзүү менен компания катары өнүгө алдык. Команданын координацияланган ишинин жана комплекстүү окутуу системасынын аркасы менен эки жылдын ичинде эле рынокто алдыңкы IT академиялардын бирине айландык. 

-- Академияда канча киши кандай багыттар боюнча билим алууда? 

-- Чоңдордун курсунда 130га чукул адам окуп жатат. Өзүбүздүн IT программабыз бар болгондуктан, IT багыттары боюнча окутабыз. Front-end – иштеп чыгуучу (jаvascript), Back-end – иштеп чыгуучу (Python), программалык камсыздоону тестирлөө, UI/UX-дизайн (веб-дизайн), графикалык дизайнITдеги менеджмент-долбоор. Ар бир студент English Talking Clubга жана “Карьера борборуна” бекер окуу мүмкүнчүлүгүн алат. Мунун алкагында техникалык маектешүү, резюме жазуу, портфолио түзүү боюнча тренингдерди өтөбүз. Ошондой эле мыкты студенттерди Codify Laboratoryнин продуктуларын иштеп чыгууга тартабыз. Учурда балдар курсунда 200 адам билим алууда. Өспүрүмдөр үчүн программалоо жана графикалык дизайн сыяктуу тармактар Scratch платформасы жана Minecraft оюну аркылуу үйрөтүлөт.

Программалоо курстарында өспүрүмдөр HTML белгилөө тилин, CSS стилдер таблицасын жана jаvascript жана Python программалоо тилдеринин негиздерин үйрөнүшөт. Бул курстун аягында биздин бүтүрүүчүлөр веб-сайттарды, интернет дүкөндөрдү жана баарлашуу ботторун түзүүнү үйрөнүп, буюртма ала башташат. Өспүрүмдөр Adobe Photoshop жана Illustrator менен иштегенди үйрөнүшөт. Мындан тышкары, бренддер үчүн логотип, Instagram, Facebook үчүн баннерлерди жасашат. Окууну бүткөндө алар SMM-адиси же графикалык дизайнер боло алышат. 

-- Окуу курсунун узактыгы канча, баалары кандай? 

-- Өспүрүмдөр үчүн бир айлык баа 4900 сомду түзүп, 2 айдан 4 айга чейин созулат. Чоңдорго 7500 сомдон 10000 сомго чейин. Узактыгы 2-6 ай. 

-- Программисттер канча каражат таба алат? 

-- Жаңыдан иштеп баштаганда 200-300 доллардан башталат, орточо деңгээл 1000-2000 доллар. Ал эми ITни мыкты өздөштүрүп кеткендерге чек болбойт. 

-- Codify Labдын аймактарда филиалы барбы? Себеби региондогу  жаштардын баары эле шаарга келип окуй албайт да...

-- Азырынча Бишкекте эле иш алып баруудабыз. Аймактарда IT жаатында билим алуу маанилүү экенин түшүнөбүз, ошондуктан Ош жана Каракол сыяктуу шаарларда балдар жана өспүрүмдөр үчүн франчайзинг ачып жатабыз. Анүстүнө биз чоңдор үчүн өлкөнүн каалаган жеринен окутууга боло турган онлайн курстарын уюштурабыз. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер