Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылды


Мурунку президент Алмазбек АтамбаевМирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганын адвокаты Замир Жоошев кабарлады. Адвокаттын айтымында Атамбаев конвойдун коштоосунда аталган медициналык мекемеге бүгүн эртең менен алынып келинген.
“Ден соолугу начарлаганына байланыштуу медициналык кароодон өткөрүү боюнча келтирген өтүнүчүбүздү сот 25-апрелде канааттандырган болчу. Бир ай өткөндөн кийин которулду. Дарыгерлер канча убакыт керек десе, ооруканада ошончо болот” деди өз сөзүндө Жоошев.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин башка адистерди тартууну талап кылып, абактагы ооруканада кароодон өтпөй койгон. Ден соолугу начарлаганын айтып, сот жараянына катышуудан да баш тарткан. Аны мажбурлап алып келгенде чуу салып, бир нече ирет залдан кайра чыгарылган.
Саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында болчу. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасына жатып чыккан.










