Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апа, майрамыңыз менен! Мен сүйүктүү аялзатын куттуктаганы баратам...

Апа, майрамыңыз менен! Мен сүйүктүү аялзатын куттуктаганы баратам...

03-март, 16:31
1 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орто жаштагы аял үйдө тынчсызданып, ары-бери басып жатты. Буюмдардын ордун алмаштырып, жоолугун оңдоп, арасында ашканада бышып жаткан тамагын карап жүрдү. Сырттан бир үн угулса, дароо терезени карап, коңгуроонун үнүн угуп, сүйүнүп эшикке барганда, башка бирөө экендигин билип капаланды. Жалгыз уулунун жумушу борбордо болгондугуна байланыштуу эки айдан бери үйүнө келе элек. Аял эшиктен ошол уулунун кирип келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ар майрамда уулунун “апаке, майрамыңыз куттуу болсун!” деп бек кучактап куттуктаганына көнүп калган эне аны бул жолу да эшиктен жүгүрүп кирип куттуктап, анан жасаган тамактарымды жей турганын элестетти. Бирок, баласы келер-келбесин айткан да эмес болчу. Аял ойго батып, “эгер келбесечи, жумушунан уруксат бербей койгон болсочу?..” деп ойлоду. Ошол учурда жүрөгү уулуна болгон сагынычка толгонун сезди.

Эне таң эртеден даярданып баштаган эле. Анын тынч ала албай убараланганын байкаган күйөөсү “эмнеге даярданып жатасың?” деп сурап, бирок жооп алган эмес. Соңунда аялы “бүгүн үйдө жумуштарым көп, сен сыртка бир аз сейилдеп басып келбейсиңби?” деп суранып жатып көндүрдү. “Эгер даярдыгымдын себебин билип калса, канча күтсөм да уулум келбесечи?..” деп ойлоду. Бир нече саат өтүп, чак түш болду. “Эгер келбей турган болсо, жок дегенде телефон чалып жайын айтпайбы. Болбосо ушул 8-март күнү бир чалып, «куттуктайм» деп койбойбу? Мен минтип күтүп жатам, ал эстеп да койбосо керек. “Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген ушул белем?..

Уулун эстеген сайын эненин жүзүнө жылмаюу келип, толкунданып жатты. Кайрадан дубалдагы саатты карап, “демек, келбейт, жок дегенде чалып койгондо үнүн угат элем” деп улутунду. Ушинтип ойго батып отурганда телефону шыңгырап калды. Уулунун үнүн укканы менен дароо же сүйүнүшүн, же капаланышын билбеди. Балким, уулу үйгө келбестигин айтыш үчүн чалгандыр:

– Алло?..

– Алло, апа, кандайсыз?

– Рахмат, балам, өзүң кандайсың?

– Жакшымын, апаке.

– Эмне кылып жатасың, жумуштарың кандай?

– Бир аз оор болду, бирок шаарга да, жумушума да көнүп калдым.

Келбей тургандыгын айтпай, же телефондо куттуктабагандыгынан улам апасы тынчсызданып:

– Жумушуңдан уруксат алдыңбы, уулум?

– Ооба, апа, уруксат алдым. Сиз кайдан билдиңиз?

– Кайданбы? Майрамга карата уруксат алса керек деп…

– Аа, туура, бүгүн 8-март эмеспи. Майрамыңыз менен, апаке! Мен абдан жакшы көргөн айым менен жолугарымды айтып, жетекчимден уруксат алдым. Азыр анын жанына баратам.

Аял титиреген, ыйламсыраган үнү менен:

– Ошондойбу, ал кандай адам экен?

– Апаке, сиздин тамактарыңыздан да даамдуу, шириндиктериңизден да таттуусун жасап, азыр мени күтүп жаткандыгына ишенип коё бериңиз.

– Мен... Жанагы... Болуптур, уулум. Айтмакчы, ал да сени сүйөт деген үмүттөмүн.

– Сүйгөндүгү анык, ошон үчүн уруксатты жалгыз ал үчүн албадымбы. Атам кайда, апа?

– Сыртта эле... Аа, эшик тыкылдап жатат, атаң келди окшойт.

– Болуптур, апа, салам айтыңыз. Мен болсо ичинен жыпар жыттар келип жаткан, эң негизгиси, дүйнөдө эң урматтаган, дүйнө сулуусунун эшигинин алдында турам.

– Болуптур, уулум, айтып коём. Анан дагы чал, макулбу? Жараткан сага жар болсун!

Эне телефонду кыйыла коюп, ойго батты. Ал уулун ушунчалык сагынып, аны көрүүнү абдан каалаган эле. Эшикти ачарда көзүнө жаш тегеренип, тамагы буулуп турду. Каалга кайрадан кагылганда ачууга аргасыз болду. Ким экенин караганча үлгүртпөй мойнунан бек кучактапжаным апаке, 8-мартың куттуу болсун!” деген куттуктоо ага түш сыяктанып кетти. Уулу экен. Ал апасы сүйгөн кара көздөрүн күлмүңдөтө:

– Апаке, майрамда сизди сүйүнтүп сюрприз кылайын дедим, суранам, ыйлаба! - деди. Эненин көзүнөн сүйүнүчтүн жашы агып жатты...

Белгисиз автор
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер