Он баланын энеси боорун алмаштырууга муктаж
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Насипкан Жолдошбаева эки жылдан бери боордун цирроз оорусу менен жабыркап, учурда боорун алмаштырууга муктаж. “Барометрге” Насипкан Жолдошбаеванын жакындары кайрылышкан.
Оор илдет он баланын энеси Насипкан Жолдошбаевага эки жыл мурда коюлган. Ошол күндөн бери ден соолугу менен алышып, ооруканада күн өткөрүп келет. Эки жылдан бери балдарынын маңдайына бара албаган эне учурда боорун алмаштырууга муктаж. Ал ооруну басаңдатчу уколдун жардамы менен күн көрүүдө. Кыргызстанда орган алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок болгонуна байланыштуу ага чет өлкөгө барып боорун алмаштырып келүү керек.
Дарыгерлер Насипкан Жолдошбаевага Индияга барып боорун алмаштырып келүүнү сунушташкан. Жакындарынын айтымында, Индияга барып боор алмаштырууга болжол менен 25 миң АКШ доллары керектелет экен. Көп балалуу, карапайым үй-бүлөдө мындай чоң суммадагы акча каражаты жок болгондуктан, кайрымдуу элден жардам суроого муктаж болушууда. Керектелген сумма чогулса, уулу донор болуп берүүгө даяр.
Жакында, 26-март күнү спорт ордосунда Насипкан Жолдошбаевага жардам иретинде “Кайрымдуу бол, калкым!” аттуу кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук концерти болот. Концертке келип, көп балалуу Баатыр эненин экинчи өмүрүнө себепкер болуп кетиңиздер!
Насипкан Жолдошбаева 1973-жылы Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Он балалуу Баатыр эне.
Он баланын энеси Насипкан Жолдошбаеванын өмүрүн сактап калууга жардам берем деген кайрымдуу инсандар үчүн реквизиттер:
ЭЛСОМ 0224070731
BALANS.KG 0224070731