Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады

Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады

12-декабрь, 12:46
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын турциядагы элчиси Руслан Казакбаев 6-күнү 10-декбарда уулун үйлөнтүп “Ала-Тоо” ресторанында чоң той бердиТойго президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка болгон чиновниктер барышты. Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу, Жапаровчу болушуп, башкача айтканда ак көз, кара көз дебей текши чогулуп катуу күүлдөштү.

Канткен менен Руслан мырза мыкты дипломат эмеспи, эч кимди бөлбөй баарынын башын кошуптур. 

Тойдун шарапатына ылайык, уулуна “Ата-Журт” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады. Биринчи баласынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болчу. 

Айтмакчы, тойдогу кызыктуу жагдай  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге президент барбаган соң, мамлекеттеги экинчи адам катары сөз берилсе, “мен Ахматбек Келдибековдун алдында биринчи сөз сүйлөбөйм” деп койду. Бул көрүнүшкө ар ким ар кандай сын айтып, кошоматчы адам, өз даражасын, өз ордун, сыйын билбейт тура деп баш чайкашыптыр, ошол жердеги аттуу-баштуулар...
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер