Кыпкызыл розаларды тартуулаган адамга апамды узаттык
Адам бул жашоонун ачуу-таттуусун татмайынча жашоонун баркын билбейт тура. Мен эс кирип чоңойгондон бери, иним менен карындашымды карап, үйдө камалып калабыз. Апам иштеп келет, чарчап келсе да, кечинде тамак жасайт, кир жууйт, анан жатат. Атам аябай арак ичкен үчүн ажырашып кетишиптир, атамды деле жакшы билбей калдым. Чоң атам келип, эт-аш жана акчадан жардам берип турат. Кийин мен 4-класс окуп калганда атам каза болду. Акыркы сапарга узатууга бардык, бирок жакшы билбей калганга көп ыйлай алган жокмун. Чоң атам бир туугандар жардам берип, эки бөлмөлүү үй алдык. Апам чабалекейдей иштеп, үйгө дагы эки бөлмө кошуп, өз күчүбүз менен бүтүрүп жаттык. Мен анда 9-классмын, үйдүн кара шыбагын мен, апам, иним болуп шыбадык. Кечинде жатсак «күр-р» деген үн угулду. Туруп карасак, баягы биз шыбаган бөлмөнүн үстү бүт түшүп калыптыр. Кечке чарчап шыбаганыбызчы? Ошентип жүрүп үйдү бүтүрүп алдык. Апам үчөөбүзгө бал муздак алып келип берчү.
Бир жолу тамактанып отуруп, апам:
-- Мен силерге бир нерсе айтайынбы? - деди.
Үчөөбүз тең таңыркай карап калдык.
-- Мени бир киши турмушка чыгууга чакырып жатат, - деп бизден жооп күтүп калды.
-- Койуңузчу апа, сиз күйөөгө тийип кетип каласызбы? – деди карындашым.
Иним таарынып сүйлөбөй койду. Апам айтып алып, жаман болуп жүрдү. Ал кишиге “менин балдарым болбой койду, балдар үчүн жашайм” деп коюптур.
Биз чоңойдук, мен үйлөндүм, иним үйлөнүп, Түркияда жашайт, карындашым да жакшы жерге барды. Бир күнү апамдын туулган күнүнө бир туугандары келгени калышып, базарга кеткенбиз. Келсек, апама баягы бейтааныш адам бир кучак роза менен белек таштап кетиптир. Апам менен келинчегим сырдаш болуп жүрүшөт экен. Келинчегимдин айтымында, ал киши апамдын макулдугун күтүп жүргөн тура. Аялы жок болсо да, күтүп жүргөнүнө көп жылдар болуптур. Келинчегим ортомчу болуп, натыйжада, апамдын турмушка чыгышына эч кимибиз каршы болгон жокпуз. Биз бармай болдук...
Апам сүйүнүп тосуп алды, биз жакшы көргөн салат, тамактарды жасап койуптур. Көзү жайнап бактылуу болгон апама мен да кубандым. Ушуга чейин балдары үчүн жашап келди. Кээде биз байланышпай, унутуп койчубуз. Анткени ар бирибиз өзүнчө болуп калдык да. Келинчегим да апам менен сырдаш болуп, апамдын сырын сактап, ага эмне жагарын билип, акылдуулук менен кызмат кылганына ыраазы болдум.
Апам экөө чакан, тыпыйган үйдө турушат. «Апа, ушуга чейин биз үчүн жашап келсеңиз, эми өзүңүз үчүн жашаңыз» деп Түркияга эс алдырып келдик. Атабыздын биздей болгон балдары бар, алар да апамды ардактап багып алышты, чогулсак өзүнчө эле бир чо-оң үй бүлө болуп калабыз. Апамдын көзүнөн бактылуулук жанып турат, жаш кезинде бактылуу боло албаса да, эми бактылуу болсунчу. Кичинебизде түшүнчү эмеспиз, сизди эч ким менен бөлүшкүбүз келчү эмес, кызганыптырбыз, балдарыңызды кечириңиз. Бактылуу болуңуз апа, өзүңүз үчүн бактылуу өмүр сүрүңүз ээ!
Румо, Москва шаары