Кашкар Жунушалиев камалмайынча элдин көксөөсү суубайт

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев төңкөрүш түнү элди сабатып, ок аттырып, миңге жакын жарандарды жарадар кылды. Көздөрүнөн, колу-буттарынан ажырагандардын эртеңки тагдыры эмне болот? Майып болуп калгандар арбын экен. Бир үйдүн жалгыз баласы Үмүтбек каза тапты. Айтор, Кашкардын иш билбеген чоркоктугу, карапайым калкка жасаган кас саясаты кечиримсиз. ИИМдин өздүк курамын да таштап, качып кетти. Эмне үчүн бүгүнкү бийлик кылмыш ишин козгоп, жазага тартууга чыгынбай жатат? Коомчулук чечкиндүү аракеттерди күтүүдө. Эгерде мындай кош көңүлдүк улана берсе, кайдагы үлгүлүү сабакты алабыз? Ансыз дагы жаңы бийликтин рейтинги түшө баштады. Чечкиндүү аракеттерге баруу парз. Айтмакчы, Кашкар Жунушалиев Кыргызстандан чыгып кетпей эле жашынып жүргөнүн айтышууда. Качанкыга чейин бекинмек эле? Элдин көксөөсү суубай турат...
"Азия Ньюс" гезити