Төлөнбек Абдыров, экономист: “Улам бир салыктын түрүн көбөйтө берүү – калктын жашоосун каржалтат”
Учурдагы Салык кодексине ылайык, Бишкекте аянты 80 чарчы метрден, Оштогу 110 чарчы метрден ашкан батирлердин, ошондой эле 150 чарчы метрден ашкан үйлөрдүн ээлери кыймылсыз мүлккө салык төлөшөт. Бул сунуш боюнча үйлөрдүн аянтын Бишкекте 120 чарчы метрге, Ошто 130 чарчы метрге чейин төмөндөтүү айтылууда. Батирлерге да мындай норма каралып, алардын чеги борбордогудай 80 чарчы метр болуп өзгөртүлүшү мүмкүн.
-- Мамлекеттик салык кызматы турак жай ээлери кыймылсыз мүлккө салык төлөшү керек болгон аянтты кыскартууну сунуштады. Экономист катары бул сунушка кандай ойдосуз?
-- Акыркы убакта мындай сунуштар көбөйгөнүн эске алганда, мүлктү камсыздандыруу жана башка салыктар сыяктуу, кыймылсыз мүлктүн ээлерин азырынча козгобой деле койсо болот эле. Калктын тыгыздыгы жогору экенин түшүнөм. Мүлктүн чегин төмөндөтсө, салык кирешеси көбөйөт. Бирок биз азыр мүлктү камсыздандыруу жана ар кандай салыктар киргизилип жатканын көрүп жатабыз. Бул калкка чоң социалдык жүк. Мындай сунуштарды киргизерден мурун калк менен алдын ала иш жүргүзүп, эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын түшүндүрүү керек болчу. Мамлекет казынаны толтуруу үчүн ар түрдүү булактарды табышы шарт, бирок бул салык базасын кеңейтүү жолу менен болбошу керек. Келип түшкөн каражаттарды туура башкаруу зарыл. Улам бир салыктын түрүн көбөйтө берүү – калктын жашоосун каржалтат.
"Азия Ньюс" гезити