Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Убагында Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго кылмыш иштери козголгон”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Убагында Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго кылмыш иштери козголгон”

20-май, 20:24
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Расул мырза, Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясына” жетекчи болуп дайындалып, кайра күтүүсүздөн четтетилди. Буга кандайча түшүндүрмө бересиз?

-- Игорь Чудиновду эң манилүү ишке даярдаганы чынында туура эмес да. Анткени, ага үч-төрт кылмыш иши козголгон. ААК “Кыргызгазда” иштегенде 3 миллион 713 миң доллар зыян келтиргеничи? Ошондой эле премьер-министр болуп иштеген 2008-жылы “Байтик, Лебединовка, Кара-Жыгач, Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформация кылган” деп айыпталган. Бир канча жолу оор беренелердин негизинде сот отурумдары болгон эле. Жогорку Кеңештин депутаты кезинде Акылбек Жапаров экөөнө кылмыш иштери ачылган. Ошондой эле 200 миллион сом ссуданы бюджеттен мыйзамсыз алганы ачыкка чыкканын кантебиз? Мына ушундай аркасында калбыры бар адамды жооптуу кызматка даярдаганы чынында эле орунсуз да. Коомчулук астында былыктары саналып чыкканда, аргасыздан даярдалган буйрукту жокко чыгарышты.

-- Кандай кызыкчылыктардын негизинде Чудиновду андай кызматка дайындашты

-Менимче, Максим Бакиевдин тапшырмасын кыңк” дебей аткарып, тымызын анын ишин жасагандар кызыкдар го. Себеби, Курманбек Бакиевдин убагында Чудинов премьер-министр болгон. Максим менен да ынак, жылуу мамилеси үчүн бир канча жооптуу кызматтарды аркалаган. Кыскасы, ал Бакиевдердин баардык тапшырмасын аткарууга элпек, ишенимдүү кадры эле...

Кыргызстанга эң жаңжалдуу, коррупцияга малынган, энергобарон Лёха Шершов (атайын аты-жөнү өзгөртүлгөн) Максим Бакиевдин аркасынан энергетика тармагын башкарып калган. Министр Таалайбек Ибраев, Лёхалар уюшуп, Максимге кошомат кылышып, алардын буйругун аткарып жүрүшкөн да. Алар Ибраевди Ош, “Түндүкэлектрого” башкы директор кылышкан. Эске салсак, Таалайбек убагында Ысык-Көлдөгү пляжда төөнү сүйрөп, туристтерди сүрөткө тартып жүргөн адам болчу. Ошон үчүн аны “Фотограф” деп коюшат.

Менимче, Чудиновду кызматка Ибраев койгон эмес. Анын баш көтөрүп калышына Акылбек Жапаровдун кызыкчылыгы бар го. Аныгында жаңы курулуп жаткан ГЭСке Максим Бакиев менен Лёха буйрук берип, Акылбек Жапаровго дайындатышы мүмкүн. Ошон үчүн Камбар-Ата–1 ГЭСине акча каражатын эки эсе которо башташкан. Сыягы, алар коррупциялык схеманы ишке киргизип, жарым каражатты сол чөнтөккө салууну көздөшкөнбү? Ошон үчүн жооптуу кызматка аркасындагы калбырына карабай Игорь Чудиновду сүрөштү...

-- Эгер сиз айткан маалыматтар чындыкка жакын болсо, президент алардын планын билген эмеспи? 

-- Ажо алардын аракетин билиши да, билбеши дагы мүмкүн. Чудинов кызматка келгенде ЖМКда катуу талкуу жаралды, анан кызматтан алып койду. Бул жерден ажо элге жакшы көрүнүп, министрлер кабинетинин башчысы жана энергетика министри жаманатты болуп калды. Негизи мындай дайындоолор үчүн министрлер кызматтан кетиши керек эле. Ажо министрлерди кечиримсиз кылыгы үчүн ээлеген орундарынан албай эле кичинекей эскертүү берип койду. Мындай нерселердин баары энергетиканын акыбалы жакшы эмес экенинен, айрыкча кадр саясаты аксап калганынан кабар берет.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер