Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Топ беренге татыган, Толубай сынчыдай баа берген Туйгунаалы Абдраимов

Топ беренге татыган, Толубай сынчыдай баа берген Туйгунаалы Абдраимов

21-январь, 11:22
1 411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алтымыштан жаңы ашкан, акылы тунук, мамлекеттик деңгээлде тажрыйбасы мол Туйгунаалы Абдраимов кырк жаштагы жигиттей эле кубаттуу, сергек экени анык. Кудай насип этсе, сексен жашка чейин саясатта жүрүүгө табы жетчүдөй. Андан соң пенсияны кеп кылсак жарашат. 

Эмне үчүн бул инсанды кеп кылгым келди? Себеби, өнүккөн Батыш же Чыгыш өлкөлөрүндө алтымыш, жетимиш, сексен жаштагы адамдар жогорку кызматтарда туруктуу иштешет. Себеби, көп жылдык тажрыйба, терең билим элине мөмө катары арналат. Жаштар деле саясатка, аткаруу орундарга аралашат дечи, бирок негизги баскычтарда жашы өйдөлөгөндөр турушат. Бул дүйнөлүк практика. Ал эми бизде эмне болууда“Келатат жаштар, келатат!” дешип, төңкөрүштөн соң бир катар жогорку кызматтарга отуз-кырктын тегерегиндеги мадырабаштар конуп калышты. Төрт айдан бери иштеп аткандарына баам салып атабыз. Алдыга жылууну мындай кой, артка кеттик. Бул темп менен жүрүп отурушса, дагы бир жарым жылда мамлекеттүүлүктүн жок болушуна коркунуч жаратып салышпайбы? Ооба, бул олуттуу суроо.

Турмуштук тажрыйба көрсөттү. Эмне кылуу керек? Эмесе, жетекчилик кызматтарга жок дегенде жетимиш пайыз улуу муундагы, Советтик идеологияда тарбияланып, билим алган кадрларды кайрадан көтөрүү мезгилдин талабына айлангандай. А болбосо туңгуюкка такалабыз... Баса, жашы өйдөлөгөн адамдар ичип-жегенден оолак болушуп, атын таза сактоого, тарых үчүн из калтырууга басым кылышат тура. Ал эми жаштар кымбат машина алууга, хансарайларда жашоого жана көңүл ачууга ашыгышат. Өнүгүүгө тоскоолдук катары дагы бир жагдай, ким бийликке келсе эле партиялаштарын, жердештерин, досторун, туугандарын көтөрмөлөй баштайт. Калыс маанайда кадрларды тандоо, профессионалдуулукка басым жасоо таризинен баардык президенттер аксап келишти. Эми эски ыкмалардан арыла алабызбы?

Эмне үчүн Туйгунаалы АбдраимовМамлекетчил, бир топ жыл ак халатты таза кийип, элдин саламаттыгына өмүрүн арнаган, башкы врачка чейин көтөрүлүп, депутат, министр, эки ирет БШК төрагасы, губернатор, элчи ж.б. кызматтарды татыктуу аркалаган. Эл өкүлү кезинде Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев сыяктуу бир катар үлкөн ишмерлер менен жакындан иштешип, тажрыйба топтоп, өрнөк алганы ырас. Алдын ала өлкөдөгү кырдаал боюнча саясый анализдери көп учурда дал келип, туура божомол жасаганын билебиз. Эң башкысы, туруктуу, кошоматчылыкты жининдей жек көрөт. Калыс, өз көз карашы бар. Айтмакчы, Атамбаев досу тескери мамиле жасаса да сатпай, ушу күндөрү моралдык жактан колдоого алып келет. Туйгунаалы мырзанын баалуулуктарын билбеген пенделер адашуу менен тескери сөздөрдү айтышы мүмкүн. Ал эми туура баамдагандар жогорку деңгээлде урмат-сый менен мамиле кылышат. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, кээде биз маңыздуу адамдарды көрбөй калабыз. Кемчилигибиз да ушунда.

А баса, Туйгун байке саясатчы “шизиктерге” так диагноз койгондон эч убакта жаңылган эмес. Сулуу кыз менен күлүк атты сындан өткөргөндөй эле адамдарга болгон баа берүүсү, таамай көз карашы менен көптөрдү ойлондурганын кайда жашырабыз? Топ беренге татыган, Толубай сынчыдай эле сыйкыры бар... 


Асланбек Сартбаев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер