Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Борченов: «Блогер, тамада, ырчы болобу – ким киреше алып жатса, ал адам салык төлөшү зарыл»

Урмат Борченов: «Блогер, тамада, ырчы болобу – ким киреше алып жатса, ал адам салык төлөшү зарыл»

08-ноябрь, 14:32
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Салык кодексинин жаңы редакциясында 2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет дүкөндөрдү салык төлөөгө милдеттендирүү каралган. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, жаңы жылдан тартып күчүнө кирет. Аталган мыйзам блогерлер соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөшөт. Блогерлерден салык алуу боюнча алпаруучу Урмат Борченовдун пикирин сурап көрдүк. 

-- Блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү боюнча мыйзам сунушталды. Сиз блогерлердин арасында жүрөсүз, көпчүлүгүн билесиз, алар буга кандай реакция жасайт деп ойлойсуз?

-- Азыр «60 тыйын» деген тема, Бакиевдин заманы  келатат деп койсок болот. Бул түшүнүктүү, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бул бийлик өзүнүн түбүнө жеткенде барып оңолот го деп ойлойм. Мен блогер эмесмин. Блогерлик аркылуу акча таппайм, «бир айда бир жолу баракчаңа чыгарып кой же репост жасап бер» деп кайрылгандарга эле чыгарам. Менимче, блогерлерден деле салык алса болот. Блогер, тамада, ырчы болобу – ким киреше алып жатса, ал адам салык төлөшү керек. Бирок эң маанилүү суроо: «салыктар кайсы жакка жумшалат? Эмне максатта колдонулат»? дегенде жатат. Мисалы, бизде бардыгы ачык болсо, адамдар жыргап эле төлөмөк болуш керек. Салык болсо ар кандай түшүнүксүз жактарга кетип жатпайбы, учактарды ижарага алып, башка өлкөгө барып келген деле сиз менен биздин акчабыз да. Ошол себептен бизде салык төлөгөндөн качышат же болбосо пара берип кутулушат. Албетте, анан бюджетке акчалар   чогулбайт. 

-- Сиздер тамада катары патент менен иштейсиздерби, оорчулук жаралбайбы? 

-- Жок, оорчулук деле жок. Тамада катары ай сайын патент алып иштеп жатабыз. Бизден түшкөн акчаларга ооруканалар оңдолуп, бала бакчалар курулуп, же кимдир бирөөнүн укуктары корголуп, чек ара корголуп жаткан болсо, анда төлөгөн акчага ичиң ачышпайт. Мисалы, биз күнүгө сатып алууларды жасайбыз, ар бир сатып алууда мамлекеттин салыгы бар. Сөзсүз эле айлык алып, патент алып же ишкердик кылбасак деле күнүмдүк сатып алуулар менен мамлекетке, бюджеттин толтурулушуна салым кошуп жатабыз. Нан сатып жесек дагы мамлекетке акча төлөйбүз. Бирок «мамлекет ошол каражаттарды кандай коротуп жатат?» деген маселе жаралып, күмөн саноолор болгону үчүн адамдар төлөгүсү келбейт. Сөзсүз түрдө блогерлер деле буга каршы болот болуш керек. Анткен менен блогерлер да салык төлөшү керек деп ойлойм, себеби коммерциялык  ишмердүүлүк   жүргүзгөн бардык тараптардан каражат алынышы керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер