Өзүмдөн 18 жаш улуу ажы адам махабатын арнап жатат


Мен азыр болгону 22 жаштамын. Эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Экөөбүздүн келечекке болгон пландарыбыз, кыялдарыбыз көп эле. Бирок жашоонун шарты менен ал чет өлкөгө иштеп кетмей болду. Эң кыйыны – качан кайтып келери белгисиз. Бир жылбы, эки жылбы, же андан да көпкө созулабы? Аны эч ким айта албайт. Ошондон бери жүрөгүм тынч эмес. Бир жагынан жигитимди күтөйүн дейм, экинчи жагынан белгисиздик жандүйнөмдү кыйнап жатат.
Ушундай учурда күтүлбөгөн окуя болду. Өзүмдөн 18 жаш улуу, ажылыкка барып келген, эл арасында кадыр-баркы бар ишкер адам мага көңүлү бар экенин билдирип, экинчи жубайы болууга сунуш кылды. Ал мени баардык жагынан камсыз кыларын, жакшы жашоо тартуулай турганын айтып жатат.
Эми эки оттун ортосунда калдым. Бир тарабы чыныгы сезим, бирок келечеги бүдөмүк сүйүү. Экинчи тарабы бардар жашоо. Бирок экинчи аял болуу жоопкерчилиги жана анын баардык сыноолору...
Акылым бир нерсени айтса, жүрөгүм башка нерсеге арбалууда... Ушундай абалда кандай чечим кабыл алсам туура болот? Сүйгөн адамымды күтөйүнбү же жаңы жашоого кадам таштайынбы? Сиздер менин ордумда кандай чечим кабыл алмаксыздар?
Аяна











