АЛА-ТООЛУК АЛГАЧКЫ БААТЫР
28 баатырдын 6 улуттан экендигин элестеткен эстелик
-- Мен 1947-жылы баатырлар курман болгон жерде болуп, алар жүрөгү согуудан токтогонго чейин коргогон жерди көрдүм. Менин көзүмөн жаш чыккан жок. Көп улуттун кайраттуу жоокерлеринин майышпас эрдигине сыймыктанып турдум. Окоптор ошол бойдон эле. Ар бир окоп ыйык адамдардын чебиндей сезилди. Боордоштордун мүрзөсүнүн жанында мекенди коргогон эрлерге башымды ийип, таазим эттим. Ошондон баштап Дүйшөнкулум өлбөс адам болгонуна ишендим, – деп эскерди жаш кезин жубайы Керимбүбү Шопокова.
Чеп сымал таасир калтырган ошол окоптордо фашисттик казаттын чабуулун алгач майтаргандардын алдыңкы катарында турган жоокерлердин эрдиги жана чолпондой сүйүктүү жарынын жаркын элеси Керимбүбү апага албан-субан кайрат, күч-кубат берүү менен турмуштагы, эмгектеги баатырдыгына шыктандыра, ички жандүйнөсүнө «Даңк өзү келбейт, келсе да ага жараша жүк болот» деген ураанды жаңыртканын дале унутпай, анысын урпактарга туу сымал өткөрүп келет.
Уруш маалында эле Керимбүбү комсомол жаштарга «Дүйшөнкул Шопоков» атындагы танкты куруу үчүн каражат топтоо сунушу менен чыккан. Андан кийин өзү иштеген «Кызыл-Аскер» колхозунун мүчөлөрү элүү атты ээр токуму менен Кызыл Армияга жөнөткөнү да оорук-майдан ортосундагы байланыштын данакери эле. Мунун дагы бир жүйөөсү – Д.Шопоков ворошиловдук аткычтардын аскердик машыгуусунда дайыма дасыккан чабандестиги, кылычты чебер чапкандыгы, мылтыкты таамай аткандыгына байланышкан.
Советтер Союзунун Баатыры наамы кыргыздардан биринчи болуп ыйгарылган жердешибиз толук эмес орто билим алгандан кийин эле мугалимдик кесипте эмгек чыйырын баштаганы да кызык...
Ошол биринчи мугалимдиги жана «Кедейкан», «Жаныш-Байыш» эпосторун элге кырааты менен окуп бергендиги үчүн «Молдо бала» деген ылакап ат менен жеңелери тергеп айтышса, 1930-жылы айылындагы дың жерге алгач бороз салганы, темир уста ачканы жана жерди кантип иштетүүнү үйрөтүү үчүн жаңы колхоздун мүчөлөрүн дунган айылдарына тажрыйба саякатына алып барганы улуу муундар арасында убагында уу-дуу кеп болгону, ушундай аруу аракеттери менен Шалта айылынын кырманын кызылга толтурганы азыр уламышка айланып калганы табигый нерсе эмеспи.
Ак эмгек, адал мээнеттин үзүрүн көрүп баштаган Дүйшөнкул менен Керимбүбүнүн турмуштук очогун 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик баскынчылардын ажал бүрккөн суук илеби каптады...
-- Эми-эми гана тирденип келатканда күлгүндөй үй-бүлөбүздүн түндүгү түшүп, чолпондой болгон Дүйшөнкулумдан айрылбадымбы!.. - дегенде эмгек баатыры эсеңгирей түшүп, маңдай терин элестеткен көз жаштарын акырын сүртүп отурду. Тагдыр экен, экөө тең кыргыздын карапайым үй-бүлөсүнүн даңкын көтөрө, үй-бүлөлүк үлгүнүн туу чокусуна айланышты.
1941-жылы 18-августта Дүйшөнкул Москваны коргоого Ала-Тоодон аттанып, 16-ноябрда баатырларча курман болгон...
Чырактай нур жүз жарыңа, жарыңа
Чын даңкың менен арзыдың, - деп СССРдин эл артисти Артык Мырзабаев Ала-Тоону жаңырта ырдагандай эле Керимбүбү апабыз да эмгектин алтын жылдызын 1957-жылы ак маңдай тери менен алып, Шопоковдорду Кыргызстандагы эле эмес, СССРдеги баатыр үй-бүлөгө айланткан.
Керимбүбү апанын «Дүйшөнкул миллиондогон жоокерлердей белгисиз калса бир жөн эле. Бирок анын баатырдыгына, демек, ал аркылуу баардык эле согуш курмандыктарына көңүл бурулбай баратканына капаланганы жана «Путинге жолугайын дедим эле. Москваны коргогондорду, Дүйшөнкулду соңку мезгилде унутуу, алтургай жокко чыгаруучу ой-пикирлер ошол тарапта айтыла калууда» дегенинен улам Россияны койдук, өзүбүздө ошол 28 баатырга, дегеле тарых барактарына кандай мамиледебиз деген ой келди...
Мисалы, Дүйшөнкул Шопоковдун Сокулуктагы эстелигинде 1920-жылы туулган деп жазылышы туурабы? Музей аталышында Дүйшөнкүл деп жазылганычы...
«4-класста окуп жүргөнүмдө Эне тил китебиндеги Д.Шопоков, К.Шопокова жөнүндөгү маалыматтарга кудум «Манас» эпосундай жазылган А.Токомбаевдин «28 баатыр» ыр-дастанына өтө кызыкчумун. Кезектеги ата-энелер чогулушунан келген атам Шомор Мырзакүл жеңеме (апама) мектеп жаңылыктарын айтып, арасында мен жөнүндө да кеп кылып отурушту. «Анча жетишпейт, көңүлдөнсө жакшы эле окуй турган» деп Күлүсүн эже айткан экен. «Кой, чындап окуюнчу» деп эле Эне тилди ачсам, Д.Шопоковдун сүрөтү көрүндү. «Биринчи баатыр болсо эмнеге көкүрөгүндө жылдызы жок?» деген ой менен сол жагына беш жылдызды тартууга ушунчалык ынтаа менен берилип калганымдан атамдын артыма келип эбак карап турганын да туйбапмын. «Ой, мунуңдун кулагына баятан берки айтылгандар кирбептир го... Окубаганы аз келгенсип, китептин да, сүрөттүн да кебетесин кетириптир» деп нааразыланган атам далыга «күп» эткизе урганда, эмне жооп айтарды билбей турганым эстен чыкпайт. Бирок, баатырдын төшүнө жылдыз такканым аталык мээримди балкыткан окшойт, унчукпай басып кеткен. Ушул жөнүндө Керимбүбү апага (20.10. 2011) айтсам, «ии, айланайын, ырас тагыпсың. Анткени, ошол баатырлык Алтын Жылдызы, Грамотасы колго берилбейт дегенинен, ушул убакка чейин колго тийген жок» деп катуу өкүнгөндө үнү каргылдана түштү...
«Кыргыз Руху»
11.11. 2011-жыл
P.S. Керимбүбү апанын айткан-дегенинен улам 28 баатыр панфиловчу жердешибиз, Токмоктон аскерге чакырылган Добробабиндин оор тагдыры ойго түшө баштады. Ошол 1941-жылы 16-ноябрдагы теңдешсиз салгылашта чалажан калган Иван Ефстафьевичти немецтер туткундап кетишет. Акыры ал качып чыгып партизандарга кошулуп, кийин советтик аскер бөлүгүнө алынган. Кан майданда көргөзгөн эрдиктери үчүн «Аскердик Даңк» орденинин 3-даражасы менен сыйланат.
Анын туткунга түшкөнү кийин такталганда, 1942-жылдын 21-июлундагы указ менен берилген баатырдыгын жокко чыгарышат. Алтургай Токмок шаарына орнотулган эстелигиндеги башы «кесилип», ордуна Д.Шопоковдун башы ширетилген экен.
Ошентип, көп убакыт өткөндөн кийин, союз ыдырагандабы же андан кийинби, «күнөөсүнөн» арылат. Баатырдык жылдызы менен грамотасын кемпирине алып келишсе, «өзүнө буюрбаганды мен да албайм» деп баш тартыптыр. Айласы алты түгөнгөндөр баатырдын Владивостокто аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп жүргөн баласына «атаңдын эстелиги» деп атып, аманаттан араң кутулганы менен Керимбүбү апабыздын айтканын салыштыра адам тагдырынын көп кырдуулугуна, анын кээде тескири жакка бурулушуна түшүнбөстүк, ичтардык жана утурумдук кызыкчылык себепкер экендигине дагы бир жолу ынана, баш чайкоодон башка амал калбады.
Кыргыздар мал баккан байыркы көчмөн элдерден болгондуктан, көп нерсени, турмуштук байкоо-баамдоолорун төрт түлүктүн түрүнө байланыштырат, салыштырат: коймаарек тарткан жоош, момун; ит кыял; торпоктой макоо; эшекти отко айдаса бокко качат; жылкы мүнөз, унутчаак дегендей кептерди көп эле угабыз. Адамзаты дал ошол жылкы баласындай тез эле ыргыштап, желге ыргалган чөптөн да үркүп, кошкуруп, кош кулагын тикчийтип, ал эми азап тартса, арыктаса, таптакыр эле мал болуудан калгансып шалдырай түшөрүн тарых канча ирет тастыктады? Ага карабастан, адамзаты ашып кетсе отуз жылдай тынчтыкта жашайт да, анан бири-бирин эзет, тонойт, миңдеген, жүз миңдеген, алтургай миллиондогон адам өмүрүн алааматтын ажал чачкан өртүнө салат.
Дүйнөдөгү биринчи социалисттик жана жападан жалгыз мамлекет СССРди талкалоону көздөгөн фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда баштаган согуш 1945-жылдын 9-майына чейин уланып, 60 миллионго жакын адам өмүрү өткөн. Анын дээрлик жарымы Советтер Союзунун букаралары эле. Ошол кан майданга Кыргыз ССРнин (азыркы Кыргызстандын) 350 миң жараны чакырылып, алардын жарымы киндик каны тамган Ала-Тоого кайтпай калган.
Асылбаш айылынан 300дөн ашык адам аскерге алынып, алардын да далайы тээ Батышта окко учканын унутпайлы. Ал эми ошол улуу согуштун акыркы ардагери Сагынбай Кубатов чоң атабыз 95ке чыгып каза тапты.
Аталардын жаткан жерлери жайлуу болсун!
Шопокова Керимбүбүнүн үйүндө.
Оң жагында Орозбек Мусакеев, сол жагында
Памирбек Казыбаев. 20.10.2011-жыл
Памирбек Казыбаев
"Азия Ньюс" гезити