Кыска аралыкта Канат Жумагазиев Ысык-Көлдөгү кейиштүү абалды оңдой алды
Чыныгы күлүк камчысыз чуркайт тура... Ысык-Көл ОИИБ начальниги Канат Жумагазиевдин иши реалдуу турмушка айкашып, коомчулук тарабынан жылуу кабылданып аткан чагы. Учурда миллиондогон эс алуучулар кереметтүү көл жээгине барышып, коопсуздугу камсыздалып, ачык маанайда чер жазып кетишүүдө. Майда-барат тартип бузууларга ыкчам түрдө реакция жасалып атат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу туристтердин келиши да арбын. Мунун өзү меймандостукту көрсөтүү, тартипти көзөмөлдөө менен жетишилген ийгиликтер...
Негизи Канат Жумагазиев кайсы гана кызматты жетектебесин, ар дайым жаңылык киргизип, жогорку деңгээлдеги көз карашта ишин аркалайт. Ысык-Көлгө келгени экологиялык милицияны ачып, баалуу токойлорду кесип-кыюуга, мыйзамсыз тор жайгандарга, браконьерлерге “аңчылык” баштап, баштагы башаламандыкка тартип киргизип койду. Ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш уланууда, баш көтөргөндөрүн чекесинен каматып, бизнеске шарт түзүп жатканы алкоого аларлык. Дагы бир өзгөчө эмгеги, өспүрүмдөрдү таза мээнетке, билимге, өнөргө шыктандырган таалим-тарбияларды мугалимдер менен бирдикте жүргүзүп, бул боюнча көптөгөн чыгармачылык ийримдерди уюштурганы белгилүү. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү жагынан да үлгү көрсөтүүдө. Канат Жумагазиев Ысык-Көл ОИИБни жетектегенине аз убакыт болсо да, жалпы аймакта атмосфера жакшырып, көпчүлүктүн жашоого карата көз карашы өзгөргөнү жашыруун эмес.
Ток этерине келсек, мындай баалуу кадр кыргыз эли үчүн дагы далай кызмат кылса, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсо, тарыхта изи калат. Келечектеги министр, генерал-полковник... Дагы далай ашууларды багынтса керек.
"Азия Ньюс" гезити