Акыркы кабарлар
» Экономика » Үч жолу турмушка чыксам, үчөө тең бул дүйнөдөн кете берди
Үч жолу турмушка чыксам, үчөө тең бул дүйнөдөн кете берди
22-апрель, 21:11
2 439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен да бүгүн тагдырыма таарынып турган кезим. 56 жаштамын. Үйдө неберелер менен эле отуруп калдым. Инимдин үйүндөмүн... Үч жолу турмушка чыктым, үчөө тең бул дүйнө менен кош айтышып кете беришти, жаткан жерлери жайлуу болсун. Биринчи күйөөмдөн бир кызым бар эле, ал автокырсыктан мерт кетти. Аябай катуу кайгырдым, жаш эле кетти байкушум. Үйдөгүлөр “жашсың, кызыңды биз алып калабыз, сен турмушка чык” деп болбой жатып узатышты. Экинчи күйөөм арак иче берип, боорунан дартка чалдыгып каза тапты. Ошентип экинчи күйөөмдөн да ажырап калдым. Арадан беш жыл өткөндөн кийин бир кишини жактырып, экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Аябай бактылуу күндөрдү кечирдик. Байкушум кечээ коронавируста кош айтышып кете берди. Биринчи аялынан балдары бар. Мен бир уул, бир кыз төрөгөн элем. Балдары мени батырбады. Анан иним “кел, эже, биз менен жаша” деп азыр үйдө отурам. Инимдин балдарын карайм, өзүмдүн бир неберем бар. Тагдырыма жазылганына таңкалып бүтпөйм. Тагдыр башыма салган турмуш экен. Төртүнчүм тууралуу ойлонгум келбейт.
Бөлүшүү:
Нургүл
"Азия Ньюс" гезити
"Азия Ньюс" гезити