Акыркы кабарлар
» Саясат » Эдил Байсалов: "Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер"
Эдил Байсалов: "Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер"
18-апрель, 13:43

Министрлер кабинетинин башчысыАкылбек Жапаровго айтылып жаткан сындар тууралуу анын орун басары Эдил Байсалов пикирин билдирди.
Ал Акылбек Жапаров күнү-түнү иштеп жатканын айтып, “Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы – элибиздин бактысы” деп сыпаттаган.
“Акылбек Жапаров боюнча бир жактан сын же ушак угуп калсам, негизинен биринчи реакциям күлкүм келчү болду. Чын. Бул кишини билип-билбей эле апыртып, көптүрүп, көралбастык кылып, тим эле ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы, баш вазир Акылбек Жапаровдун азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы – бул элибиздин бактысы... Көптү айткым, айтып бергим келет. Азыр туура эмес болуп калат. Алты ай болду кабмин (ред: министрлер кабинетинин төрагасы) болуп келгенине. Чоң ийгиликтер алдыда. Азыр туугандарыма айтарым, жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку карасанатайларды укпаңыздар. Баары жакшы болот” деп жазган Байсалов.