Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иран АКШга 6 шарт койду

Иран АКШга 6 шарт койду

19-август, 18:07
178 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ирандын Коопсуздук Кеңешинин башчысы Мухаммед Бакер Зулкадыр Ормуз кысыгы боюнча АКШга 6 талап койду. Ал “Америка жүрүм турумун оңдобосо, Ормуз кысыгы эч качан ачылбайт”, - деп билдирди. 

     Ирандын 6 талабы мындай:

1. АКШ Иранды коркутууга аракет кылып, анын баалуулуктарына акаарат кылбашы керек. 

2. Иранга жана Ирандын Ливия, Палестина, Йемен жана Ирактагы өнөктөштөрүнө кол салбасын.

3. Аймактан аскерлерин чыгарып кетиши шарт.

4. Согуштун чыгымдарын төлөшү керек.

5. Санкцияларды алып салышы зарыл.

6. Тоңдурулган каражаттарды Иранга кайтарсын.

     Бул талаптар Доналд Трампты кыйын абалга түрттү. АКШда өткөн сурамжылоодо аны колдогондор 33 пайызды түзөрүн, ал эми колдобогондор 64 пайызга көбөйгөнүн Reuters маалымат агенттиги жазды. Бирок, эч нерсеге карабай АКШ президенти дале билдирүүлөрүн улантып жатат. Өткөн жумада Ормуз кысыгын американын аймагына коштум деп билдирди. Көп өтпөй эле Иран тарабынан: “Бул иш социалдык тармак аркылуу ишке ашуучу нерсе эмес”, - деп жооп беришти.

                                                    Манас Осмон

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер