Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Саясый чыңалуудан улам, революция болуп кетиши мүмкүн”

“Саясый чыңалуудан улам, революция болуп кетиши мүмкүн”

10-июль, 20:09
3 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бирөө кечерге кечүү таппай атса, бирөөлөр ичерге суу таппай атат” деген кыргыздын сөзү эске түшөт. Ошентсе да учурдагы каатчылык жанга батты. “Быйылкы кургакчылыктын айынан күзгү түшүмдүн начар болору алдыртан болжонууда. Азык-түлүк кризиси, кымбатчылык күчөсө, саясый кырдаалдын чыңалышына өбөлгө түзүлбөйбү?” деген собол таштадык.

Айбек Бусурманкулов, экс-губернатор:

-- Эми бу азык-түлүк кризиси, каатчылыгы көп нерселерге көз каранды болуп атпайбы: табияттын өзгөрүлүшүнө, суунун аздыгы, кургакчылык – бул сөзсүз түрдө түшүмгө өз таасирин берет. Бул жагдайды карапайым эл түшүнүү менен эле кабыл алышы мүмкүн. Бирок, саясый кырдаалдын чыңалышына саясатчылар азык-түлүк каатчылыгын кандай багытта колдонушат (?) деген маселе жаралбай койбойт. Оппозиция жээгинде жүргөндөр оппозициялык маанайда, ал эми бийлик бутагындагылар кандайдыр бир жүйөлүү себептерин айтышаттыр. Канткен күндө да оппозициялык саясатчылар коомдук пикир жаратышып, саясый кырдаалдын чыңалышына жол чаап коюшу мүмкүн...

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер:

-- Албетте, саясый кырдаал биздин өлкөдө чыңалышы мүмкүн. Анткени 30 пайыз шайлоочулар чоң үмүт менен колдошту эле. Анан биздин элди билесиз да, жаман адатка айланып калды, бир аз эле кыйналып баштаса эле болду, “революция кылыш керек, бийликти алмаштырабыз” деген түшүнүк орнободубу. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, кыргыздын революциясы болуп кетиши мүмкүн. Анан бу жерде эң кооптуусу, орустар айтып коёт “голодный бунт” деп, кедейлер менен байлардын ортосундагы күрөш болуп кетпесе экен, чоң чатакка айланып дегеним. Ошол себептен алдын ала чара көрүш керек. “Матрезервде канча ун бар? Канча буудай бар? Азык-түлүк продукцияларынан канчасы запаста турат?” деген маселени көтөрүү абзел. Кем-карчты толуктоо кажет. Кандай болгон күндө да каатчылык кырдаалдан чыккан оң. Карапайым элди жалган убада менен тойгузгандан көрө, ачык-айкын маалыматты жеткизип турушса дейт элем.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Баарын көрүп атабыз. Улам-улам өкмөт алмашып, канчалык алмашкан сайын эл арасында баркы кетип калды. Же ар бир жаңы келген өкмөт тыңгылыктуу иш алып барбай, жеке кызыкчылыкты көздөп атышпайбы. Анан кантип биз каатчылыкка капташпайбыз? “Суу жок, тоодон эрибей атат” дегенге жеке мен ишенбейм. Суу бар, аны болгону туура бөлүштүрүп, дыйкандарды камсыз кыла турган аткаруу бийлиги иштеген жок. Керек болсо алардын бул көйгөй менен баштары ооруп, тааныштыгы бар экенинен да күмөнүм бар. Дыйкандарды жадагалса күйүүчү май менен толук кандуу камсыз кылбай аткандан кийин башкасын айтып не кылабыз? Эң орчундуу маселе – ар бир министрликте дасыккан жумушчу эксперт топтору жок. Алсак, айыл чарба министрлигинде “быйыл буудайды кай жерге, арпаны кай жакка, кызылча, сабиз канча гектардан, сугат маселеси кандай болот?” деп анализ кылып, ошого жараша ишти алып кетүү алдыртан пландары болуусу керек эле. Андайы байкалбайт. Баягы “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген көрүнүш. Ар бир дыйкан же фермер алына жараша башаламан иш алып барууда. Ырааттуулук жок. Анткени, биздин өкмөт шалаакы. Анан кантип азык-түлүк каатчылыгы болбосун? Бийликтегилер азыртан ушуларды эске алышып, тийешелүү чараларды көрбөсө, саясый кырдаал күн санап чыңалат, керек болсо жарылууга апкелет! 

Медер Алиев, эксперт:

-- Дүйнө жүзүндөгү баардык мамлекеттер сыяктуу, биз деле пандемиянын арты менен көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүп жатабыз, өзгөчө экономика секторунда. Быйыл болсо кургакчылык кошулду. Кыргызстан башка өлкөлөрдөн өзгөчө өлкө, саясый табияты дагы бөлөкчө, коңшу мамлекеттерден айырмаланып турат. Кыргыздар илгертен бери эмне деген сыноолорду башынан өткөргөн жок, бирок улут катары, мамлекет катары жок болуп кетпеди. Мен ойлойм, бул экономикалык оор сыноолорду дагы татыктуу өткөрөбүз. Ага бир канча себептер бар. Эң ириде коомчулук позитив менен жашаганды үйрөнүүсү керек. Жамандын арты жаман. Ар бир адам жакшы нерселерге умтулуп, изги тилек, аруу максаттарды алдыга койгонду жана аны жүзөгө ашыруу жагына кадам таштайлы демекмин. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер