“Бороновирус” боздотобу?..
Башында эле ээрге кыйшык минген Кубатбек Боронов ийгиликсиз премьер-министр болору байкалган. Өкмөт үйүнөн Мухамметкалый Абылгазиевди жүздөй кызматкери менен узатып чыгышканы, кыйратып салышкансып, баары беткапсыз сүрөткө түшүшүп, вирустун жайылышына пропаганда кылышкан. Бул кечиримсиз жорук эле!
Аныгында, карапайым калк астында апааттан сактанууну үлгү катары көрсөтүшпөй, тескери кетишкен. Жыйынтыгында, көп узабай июндун аягында пандемия курчуп, элибиз боо-боо түшө баштады. Ооруканалар кабыл албайт, даярдыксыз, анан калса тескери дарылообу (?), айтор, элдин убалына калууда дал ушул өкмөттүн өлө-сөлү кашаңдыгы каңырыкты түтөткөн. Кырдаалды геноцидге салыштыргандар чыгышты. Кандай гана жоготуулар болгонун кайталап жазуунун кажети жок, баарына коомчулук күбө. Ыргыткан таштын баары Кубатбек Бороновго келип тийүүдө. Себеби, бул эргул эл астында ант берип, мамлекеттик деңгээлдеги жоопкерчиликти мойнуна алган да.
“Бороновирус” иштеп турганда коронавирустан арылбайт окшойбуз. Бул илдеттин кесепети экономиканын кыйрашына, социалдык көйгөйлөрдүн чыңалышына, дээрлик жакырчылыктын жайылып баратышына негиз түздү. Карапайым калк октябрга чейин шайлоо шаанисине алаксып, андан ары чыныгы кризисти жонтериси менен сезет. Дээрлик катмар курсак тойгузуу жан айласында азап чегишет. Суук түшөт, ансыз да Токтогул суу сактагычы бөксө болуп атканда, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, шайды оодарса кантебиз? Өзүбүз суунун башында отуруп алып, коңшу өлкөлөрдөн жарык жандырууга көз каранды болобузбу? Аргасыздан ошого бараткандайбыз.
Учурда ар жума сайын миңден ашык мигранттар мекенине кайтып келүүдө. Ансыз да Кыргызстанда жумушсуздук чегине жетип турганда, мындай кошул-ташыл көрүнүш кооптондурбайбы? Бул дагы жакшы жышаан эмес...
“Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей, Абылгазиевден араң кутулсак, болбогур Бороновго кабылып, кыргыз элинин шору кайначудай болуп калды. Айла жок, жаңы парламент шайланып келип, алардын ичинен идиректүүсүн, ишбилгисин өкмөт башчыга шайлагыча чайналып кетпейбизби? Деги элибиз чыдайбы? Кыскасы, олуттуу суроолор көп. Турмуш жүзүндө жонтерибиз, курсагыбыз менен азапты сезгенде, ошондо ачуу каңырыктар кулак тундурбаса болду...
"Азия Ньюс" гезити