Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаев: “Таза шайлоонун өтүшүнө ишенүү эрте”

Өмүрбек Текебаев: “Таза шайлоонун өтүшүнө ишенүү эрте”

15-октябрь, 11:21
1 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өмүрбек Чиркешович, бийлик “бул шайлоо таптаза өтөт, эч бир админресурс колдонулбайт, добуш сатууга жол бербейбиз” дешүүдө, сиз ушуга ишенесизби?

-- Биздин тарыхыбыз көргөзгөндөй, бүгүн ишенүүгө эрте. Ылайым эле ошолор айткандай болсун, бирок партиялардын тизмесин түзүү, бир мандаттуу округдардан талапкерлерди тандоо убагында эле бийлик ресурсу, акчасы, эли, кол алдында адамдары бар кандидаттарды өзүнүн “короосуна” айдап кирип атат. Ошонун өзү админресурсту пайдалануунун бир формасы. Эми ал мейли, ага көнүп калганбыз. Көпчүлүк адамдар бийлик менен конфликтке баргысы келбейт. Алдуу-күчтүү, колунда барлар ар дайым мамлекеттик машинанын камчысын чаап келген, азыр деле ошондой. Эң негизгиси, бийлик массалык добуш сатып алууга жол бербеши керек. Анан оппозициялык партиядагы талапкерлерди коркутуу, тизмеден чыгаруу, криминалдык, укук коргоо органдарынын кысымы менен командаларды алсыратууга окшогон көрүнүштөргө барбашы зарыл. 

-- Айтсаңыз, “бийлик бул шайлоодо өзүнүн партиясын алып чыкпайт” деди...

-- Бийликтин партиясы кайсылар экенин кыргызстандыктар билет. Билбегендер шайлоо башталганда көрүшөт. Ага аз калды... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер