Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Алыбаев: “ЖРТ балдардын конституциялык укуктарын талкалап жатат”

Анарбек Алыбаев: “ЖРТ балдардын конституциялык укуктарын талкалап жатат”

06-июль, 17:09
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору, физика жана математика илимдеринин доктору Анарбек ага менен актуалдуу маек.

-- Агай, мына жакында ЖОЖдорго кабыл алуу башталат. Ушул өңүттө бере турган бир нече суроом бар, кээ бир окуу жайларын эске албаганда, ЖОЖдорго кабыл алуу дээрлик көпчүлүгүндө ЖРТнын жыйынтыктары боюнча сынакка киргизилет эмеспи. Сиздин оюңузча ушул туурабы?

-- Жеке оюмча бул өтө туура эмес. Балээнин баары мына ушунда болуп жатат. Анткени, босого баллга жеткендер гана ЖОЖдордо окуп, жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк алышууда. Ал эми калгандары болсо, андай мүмкүнчүлүктөн  четте калып жатышпайбы. Бул алардын конституциялык укугун тебелегендикке жатат десем жаңылыштык болбойт. Негизги Конституцияда: “Ар бир адам билим алууга укуктуу” деген жобо бар. Ошондуктан босого баллдан төмөн түшүп калган балдарыбыздын келечегине кайдыгер караганыбыз ары дегенде акыйкатсыздык, бери дегенде кыянатчылык десем дагы аздык кылат. Келечек муундарыбыздын укуктары талкаланууда...

-- Мындай жагдайды, көйгөйдү жоюу боюнча кандай сунуштарыңыз бар? 

-- Бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору өтө эле көп. Айрымдарына гана токтоло кетейин. Кечээки совет доорунда колдонулуп келген оозеки жана жазуу түрүндөгү сынактардын, ошондой эле аттестатындагы бааларынын орточо маанисинин негизинде ЖОЖдорго кошумча түрдө кабыл алууларды уюштурсак, балдарыбызга тийешелүү көйгөйдү гана эмес, башка дагы көптөгөн маселелердин чечилишине мүмкүнчүлүктөр ачылат эле.

-- Алар кайсы маселелер, ошолор тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-- Азыркы учурда кесиптик жогорку билим берүү негизинен акча төлөө аркылуу келишимдик түрдө жүргүзүлөт. Республикабыздын ЖОЖдорунун баары келишимдик негизде окуган студенттердин санынан көз каранды. Босого баллдан өткөн окуучулардын саны ЖОЖдордун студенттеринин санына карата талаптарын толук канааттандыра албайт. Ал эми бул маселе ЖОЖдордо иштеген окутуучулардын санын кыскартууга, алардын айлык маяналарынын төмөндөшүнө алып келет. Көрдүңүзбү, кесепети өтө оор десем дагы аздык болор. 

-- Анарбек агай, эми жогоруда белгиленген маселелерди чечүүнүн жолдору жөнүндөгү ойлоруңуз менен дагы бөлүшө кетсеңиз?

-- Ойлор орошон, өтө эле көп. Эң негизгиси мындай: жер шарындагы дээрлик баардык мамлекеттер базар экономикасынын мыйзамдарын колдонуу аркылуу өнүгүп-өсүп келе жатышат. Ошондуктан жогорку кесиптик билим берүүдө дагы базар экономикасынын мыйзамдарынын аткарылышын талап кылуу керек. Ошондо гана  ЖОЖдордун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Кыскасы, окуу жайдын колу-бутун байлабай, аларга кошумча түрдө абитуриенттерди окууга кабыл алууларына шарттарды түзүп берүү абзел. Менин бул сунуштарыма ЖОЖдордо эмгектенген окутуучулар каршы эмес деп ойлойм. Бул көйгөйлөр боюнча тийешелүү министрликтер жана кыргыз балдарынын келечегине кайдыгер эмес республикабыздын жетекчилери алгылыктуу чечимдерди чыгарат деген үмүттөмүн.  Мына ошондо гана орустардын "и овцы целы и волки сыты" деген макалы орундуу чыкчудай...  


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер