Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош ОИИБ начальниги Буркановго өздүк курамдын 90 пайыздан ашыгы каршыбы?

Ош ОИИБ начальниги Буркановго өздүк курамдын 90 пайыздан ашыгы каршыбы?

27-август, 08:30
353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Буркановдун сабатсыздыгын, билими, тажрыйбасы тайкы экенин оперлер менен участковыйлар уялбай эле айта башташты. Бул жагы көнүмүш адатка айланыптыр. Өткөндө бизге байланышкан милиция кызматкери жашыруун түрдө минтет: “Буркановго жабык добуш берсек, 90 пайыздан ашык өздүк курам каршы чыгат эле. Андайга шанс болбой атпайбы...” деп каңырыгы түтөйт эй! Облус жетекчиси тажрыйбалуулук, зээндүүлүк менен башкарса, ага карап өсүп келаткан жаш муун түздөнгүсү келет экен да. Тилекке каршы, Нурланбек Бурканов өз милдетин аркалай албай, мүдүрүлүп атса, айрымдар каяша кылса, анан кантип үлгү жаратсын? Ош ОИИБ курамында билимдүү, өз ишин сүйгөн, тажрыйбалуу кадрлар арбын экен. Жогорку жетекчи аларга караганда бийик болуп, өзүнүн профессионалдуулугун жумуш жүзүндө далилдеш керек да, туурабы? Кептин баары ушул жакта жатпайбы! “Жаман айтпай жакшы жок” дейт. Кокус, эртең саясый тирешүүлөр орун алып кетсе, тартип, коопсуздукту камсыздоо үчүн Нурланбек Бурканов өздүк курамды башкарып, жол баштай алабы? Маселе ушунда...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер