Тилек Токтогазиев: “Контрабандисттердин айынан ун кризиси жаралды”


-- Тилек мырза, Казакстанда буудай түшүмү аз болгону, ун кымбаттай турганы айтылып, коңгуроо кагылууда. Өлкөбүзгө импорт канчалык көлөмдө келет?
-- Ун жагы көбүнчө бизде импорттон көз каранды. Мурда 450 миң тонна ун өндүрүлсө, азыр болсо 150 миң тоннага түштү. Контрабандисттердин айынан ушундай жыйынтыкка кептелдик. Алар дайыма ушул тармакта иштешет, аябай көп кызыкчылыктары, “туруктуу” өз схемалары бар. Андайлардын кызыкчылыгында импорт көбүрөөк болуп, атамекендик өндүрүш талкаланышы керек. Азыр ундун сырттан келгенинен эле КНСке төлөнбөгөнү 1 млрд. сомго чыгат. Бул Таластагы Чоң-Капкадан, Чүйдөгү Чалдавар, Ак-Тилек бекеттеринен келет. Ошондуктан көп нерсе доллардан, башка өлкөлөрдүн ички саясатынан, түшүмүнөн көз каранды. Азыр Казакстан ар кандай чектөөлөрдү киргизсе, сөзсүз түрдө бизге да таасири тийет. Казакстан кошумча салык төлөмдөрүн киргизип койсо да терс таасирин көрөбүз. Ал жакта наркы көтөрүлсө, бизде да баа дароо жогорулайт. Ошондуктан бир гана жол бар: атамекендик өндүрүштү күчтөндүрүү шарт. Ал үчүн чоң бир саясый эрк керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











