Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чет өлкөгө иштеп келүүдөн башка кандай келечегибиз бар?

Чет өлкөгө иштеп келүүдөн башка кандай келечегибиз бар?

09-январь, 21:28
1 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен борбор калаабыз Бишкек шаарында эле төрөлүп чоңойгом. Азыр 26 жаштамын. Мектепти бүтүргөндөн кийин атайын курстарга барып, чачтарач кесибине ээ болдум. Эки жылдай Москвада иштеп келдим. “Өз мекенибизде эле иштейин, жакшы иштер табылып калар” деген ниет менен келгем. Бирок тилегимди таш капты. Бишкекте жумуш издөө чоң көйгөй экен. Алгач өз кесибим менен иш издей баштадым, бирок ойдогудай иш табылбады. Айлык акысы өтө аз, же дагы башка толгон-токой себептери бар.

Жумуш издеген жаштардын көпчүлүгү эле интернеттен резюме толтурушат.  Бирок, айрымдарына гана жооп келсе керек, болбосо жооп дагы болбойт. Анан дагы “онлайн жумуш, бир айда мынча табасың” деп жайнатып чыгаргандар менен байланыша калсаң, тармактык маркетингдер: “Фаберлик”, “Атоми” сыяктуу түрдүү фирмаларды жарнамалап чап жабышышат. Азыр мындайлардын түрү да өтө көбөйүп кеткен. Айтор, алдамайдын амалдары. 

Кафелерге иштөөгө жумуш чыгып калат. Менин тажрыйбам болбогондуктан, ал жерге ашпозчу болуп иштегеним жок. Идиш жуугуч же официант болуп иштеп жүрүп, шаарыбыздагы кафелердин кайсынысы кандай төлөп берерин, кандай мамиле жасашарын билгендей болдум. Абдан кардары көп жакшы кафелерде иш оруну табыла бербейт. Анткени алар ойдогудай төлөп беришет. Кардары аз кафелер кыздарды бекер иштетүүнүн сонун жолун таап алышкан: “Кафеге иштөөгө кыз керек, жакшы эмгек акы төлөнөт” деген жарыяларды беришет. Иштегени барсаң, “үч күн стажировкадан өтүшүң керек” дешет. Үч күн бою күндүзгү саат 10дон түнкү саат 11-12лерге чейин тикеңден-тик туруп иштеп бересиң. Үч күндөн соң “жаккан жоксуң, кете бер” дешет. Менин таңгалганым, кыздардын аягы үзүлбөй келе берет экен.

Кафелерге иштей калам деп дагы бир шумдуктуу нерселерди көрдүм. Пол жуугуч, идиш жуугуч болуп ар кандай оорукчан аялдар дагы иштеп жүрүшөт. Колдорунда шишиктери, жаралары бар. Бир аз тапкан тыйынын кайра ичип алган, ичкиликке берилген аялдар да бар. Алар жарыбаган эмгек акыга же арткан бир аз тамак-ашты алып кетүү үчүн деле иштеп жүрө беришет. Акчанын айынан ушундай адамдарды иштеткен, акча дегенде жандарын берүүгө даяр кожоюндар бар. Анүстүнө өткөн жылы пандемия, карантин деген чыкты. Чет өлкөгө иштеп келүүдөн башка келечеги көрүнбөгөн жаштар жүрөгүмдү оорутат. 


Лунара

 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер