Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Кожобековдун “улуттук саясатыңды урганым жок” дегендей кадамы

Ректор Кожобековдун “улуттук саясатыңды урганым жок” дегендей кадамы

08-сентябрь, 21:44
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков көзкаманбы? Анткени өлкөдөгү өзгөчө статус берилген окуу жайлардын бири болгону “Манастаануу предметин окутпайбыз” деп чечим чыгарыптыр. Президент Садыр Жапаров “Инсандын руханий, адеп-ахлактык калыптануусу жана дене тарбиясы” жөнүндө атайын программа кабыл алган, жакында эле “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгы чыкты. Ушунун баардыгы ааламдашуунун заманында эл, улут катары журтту сактап калуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар – азыркы Кыргыз мамлекетинин улуттук саясаты. Ош мамлекеттик университетинин чаласабат ректору Кудайберди Кожобеков “улуттук саясатыңды урганым жок” дегендей эле кадам кылыптыр. Анын жогорудагы концепция, президенттин жарлыгы тууралуу да түшүнүгү жок окшойт. Болбосо ошол концепцияны жүзөгө ашыруу үчүн “Манас” эпосу университеттерде окутулуп жатат да. Миң жылдар бою элди эл кылып сактап келген “Манасты” билбеген маңкурт адистердин кимге кереги бар? ОшМу чет өлкөлөргө кете турган адистерди даярдап жатабы? Мындай чалмакей чалган ректордун кереги барбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер