Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл ала баштайт

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл ала баштайт

26-октябрь, 13:08
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын графигин бекитти. Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн президенттикке талапкерлер 6-декабрь саат 24:00гө чейин борбордук шайлоо комиссиясына талап кылынган документтердин топтомун тапшырышы керек.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасы аркылуу парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарымына чейин болбой турганын айтып, «2020-жылдын 20-декабрында парламенттик шайлоо болот» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин Кудай буюрса, реформалар жүрөт. Анан парламенттик шайлоо болот» деп жазган Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген эле. Бирок Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

Аталган мыйзамга ылайык, конституциялык реформа жүргүзүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат. Ошондой эле Биринчи май райондук соту боршайкомдун парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген чечимин жокко чыгарган.

Бүгүн белгилүү болгондой, борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган соттун токтомуна каршы арызданат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер