Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Кыргызстанда 2020-жылы 1900 бала ата-энесинин багуусуз калган
Кыргызстанда 2020-жылы 1900 бала ата-энесинин багуусуз калган
01-июнь, 13:11

Анын ичинен 674 бала томолой жетим. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2020-жылдын аягында ата-энесинен башка үй-бүлөнүн багуусунда 13 миң 900 бала болгон, анын ичинен 5400 бала томолой жетим. 8300 бала туугандарынын же жакындарынын багуусунда болсо, 5600 бала асыроого берилген.
2020-жылдын ичинде ата-энеси багуудан баш тарткан 18 жашка чейинки курактагы 1900 бала жана өспүрүм табылган, анын ичинен 674ү томолой жетим.
2020-жылы 1263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тарбиялануусуна алынган, алардын ичинен 643 баланы кыргыз үй-бүлөсү, жети баланы чет өлкөлүк жарандар багып алган.
Ата-энесинен бөлөк үй-бүлөдө багылып жаткан эркек балдар көбүрөөк.