Өмүрзак Төлөбеков, киносценарист: “Манас” – Голливудда тартылат”


-- Өмүрзак мырза, “Манас” тасмасы АКШ, Кытай, Түркия менен биргелешип тартылары коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул резонанстуу жаңылыкты кенен түшүндүрүп берсеңиз? Кимдер менен кандай сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар болуп жатат?
-- “Манастын уулу Семетейден” кийин эл аралык кинокомпаниялар “Манас” тасмасын тартууга кызыгышты. Ошондон улам улуу эпосубузга жана анын негизинде Кыргызстан Жазуучулар союзунун тапшырмасы менен таланттуу жазуучу Ашым Жакыпбеков жазган романга таянып, “Манас” көркөм фильминин сценарийин даярдадык. Аны англис, түрк, кытай тилдерине которуп, биргелешип тартууну Голливудга, Болливудга, “Нетфликске”, “Амазонго”, Кытай жана Түркия кинокомпанияларына сунуштадык. “Манастын уулу Семетейди” көп тилдерде кошо тартуулап, кыргыз эли, жери, улуттук кийим-буюмдары менен тааныштырдык.
Адегенде “Манас” тасмасын тартууга Түркиянын ири кинокомпаниялары ышкы билдирди. Бирок, аларда жер титирөө, андан кийинки саясый окуялар тоскоол болуп, убакыт созулганынан Америкага келип, Голливудга, “Нетфликске”, “Амазонго” кайрылдык. Нью-Йоркто Голливуд менен “Нетфликстин” дирекцияларында америка киночулары менен бир айдан ашык убакыттан бери “Манастын уулу Семетей” тасмабызды, “Манас” киносценарийин кызуу талкууладык. Буюрса, бир нече кинокомпаниялар менен макулдашуулар жүрүп атат.
-- Тасма качан тартылып, качан элге тартууланмакчы? Бүткүл дүйнө көрөбү?
-- Сценарийге алымча-кошумча киргизип, эл аралык кино талаптарына ылайыктадык. Буюрса, сценарийди өткөрсөк, дүйнөлүк ири үч кинокомпания каражат жагын караштырууда. Башында 25 миллион, андан кийин 40 миллион, аягы 100 миллион долларга чейинки бюджет тууралуу сөз жүрүүдө.
-- Сценарийде эпостун өзөгү сакталабы? Чет өлкөлөр өз кызыкчылыктарына карап, кыргыздын улуттук дөөлөтүнө шек келтирбейби?
-- Биз кайрылган эл аралык ири кинокомпаниялар дүйнөлүк улуу эпоско, аны сактоого кызыкдар. Аларда “Манасты” өздөрүнүн сценаристтери даярдашкан вариант бар экен. Анда эпос негиз гана болуп, ойдон чыгарылган окуялар, эпизоддор көп. Ошол вариант боюнча тасма тартылса биздикилер “эпос бурмаланыптыр” дешмек. Биз эпоско таянган соң, анын негизги өзөгү сакталышын макулдаштык. Буюрса, жарым жылда кайсы кинокомпания, кайсы өлкөлөр менен биргелешип тартарыбыз жана бюджет такталса, тартуу иштерине бир жарым жыл кетет.
-- Дүйнөлүк кино жылдыздар катышабы?
-- Башкы ролдорго Кыргызстандын, Американын, Кытайдын, Түркиянын популярдуу кино жылдыздарын чакыруу макулдашылууда. Экинчи вариант – анимация. Куурчактай одоно эмес, кадимки эле адамдарга окшош кылып анимация жасоо варианты да каралмакчы.
-- “Манастын уулу Семетей” жалпы элге качан тартууланат? “Чыкпай калды окшойт” деген пикирлер айтылууда...
-- Мурда “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмаларыбызды 2-3 айда бүтүрүп чыгарсак, “Манастын уулу Семетейди” ашкере маанилүүлүгүнөн улам бир жарым жылдан ашык мезгилден бери улам алымча-кошумчалап оңдоп атабыз. Эл аралык теле жана интернет каналдарга чыкканда, жалпы көрөрмандарга тартууламакчыбыз.
-- “Манастын уулу Семетейге” каршы болгондор эми “Манасты” тартууга да бут тосуп атышабы? Аларга эмне жооп кайтармакчысыз?
-- “Манас, Семетей – ыйык, аларды тасмага айлантпаш керек” дешти адегенде. Интернетте “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей” спектаклдери турат, эл көп жылдан бери көрүп эле келатат. Анда окуя бир сахнада аткарылса, биз талаага жер жайнаган бозүйлөрдү тигип, миңдеген атчандарды чаптырып, спектаклди экрандаштырып, кыйла жандандырдык. Кинобузду көргөндөрдүн көбү “аз каражат менен улуу чыгарманы бузбагай эле” деп чочуласак, жок, элге, өзгөчө жаштар үчүн пайдалуу тасма болуптур” дешүүдө.
“Манас” жалаң кыргыздын эмес, жамы дүйнөнүн рухий улуу кенчи. Чыңгызхан тууралуу бир топ өлкөлөр 20га жакын тасмаларды тартышкан. Кыргыздар балким экономикалык жактан өнүккөндө тартаарбыз, азыр биз эл аралык кинодолбоор кылууга аракеттенүүдөбүз. Кыргызды, улуттук маданиятыбызды, улуу бабабызды ааламга даңазалоо далалатыбызды көпчүлүк кубаттагандыгы дем берет. Арийне, тескери көз караштар да жок эмес. Андай карама-каршылыксыз маанилүү иш болбойт. “Манас” дүйнөлүк ыйык мурас, ал баары бир тасмага айланмак. Бизге аны баштоочуларынан болуу шыбагасы ыйгарылса керек...











