Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдө сейил бактардын, кафе-ресторандардын, көчөлөрдүн чырактары өчүрүлөт

Өлкөдө сейил бактардын, кафе-ресторандардын, көчөлөрдүн чырактары өчүрүлөт

29-сентябрь, 20:26
1 395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө сейил бактардын, кафе-ресторандардын, көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт. Бул тууралуу улуттук “Энергохолдинг” компаниясынын маалымат кызматынан «Биринчи радиого» билдиришкен.

Ага ылайык, мындай чечим электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындай өчүрүүлөр Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана келе жаткан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө максатында жүргүзүлөт.

Бүгүн, 29-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. 294 млн. кубметрди түздү. Бул тууралуу «Электрстанциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 266 кубметрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 188 кубметрге жетүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер