Туугандар отун жарып, конок тосушууга гана чакырышат
Апакем бул жашоодон эрте кетерин билгенде, мени эч качан төрөбөйт эле. «Жандүйнө» рурикасынын кезектеги коногу Сезим 25 жашта, ал апасы тууралуу өксүктөрүн, сагынычын, кусалыгын айтып, сыр бөлүштү. Эмесе каармандын өз сөзүнө кезек берели.
Кичинемде өмүр бою учурдагыдай жашап, ата-энемдин кучагында жүрө берем го (?) деп ойлочумун. Ооба, апам бизди союл менен сабап, турмушка даярдачу. Баарыбыз катар-катары менен өз көйгөйлөрүбүздү айтып, ар мүнөзүбүздү көргөзөбүз. Союл шыйрагыма жабышканда ушунчалык жек көрүп, ыйлап, бир жакка кетсе сүйүнүп ойноор элек. Көчөгө чыгып кошуна балдарга кошулчубуз, сууга жөнөчүбүз, апамдын караанын алыстан көргөндө безилдеп үйгө жөнөчүбүз. Аткарылбаган үй иштери үчүн кайрадан токмок жейбиз. Кыз деп үйдөн жарым карыш чыгарчу эмес. Кана эми ошол союлду кармаган колдор, чапкан күч, мага кетирген нерв.
Мен 14 жашка чыкканда апакем бизди таштап кете берди. Безилдеп кала бердик. Атакем, бир туугандарым, сиңдим. “Биз эмне кылабыз?” деген түмөн ойлор эч эле кетпейт. “Жашоо бүттү” деп ойлогом. Жок, көрсө жашоо апамдын союлунан күчтүү, тикен менен оролгон чыбыкты, бычакты, канжарды даярдап күтүп жаткан экен. Апасыз сен эч кимсиң! Катышып, сыйлашып жүргөн туугандар алыстайт. Конок тоссо отун жарып, конок тосушууга гана чакырышат. Алардын жумушу гана бүтсө болду. Бирок биз жетилдик. Азыр билимим, өз ишим бар болгону менен апакемдин союлу жетпейт. Бир эле кучактап алсам көөдөнүмдөгү бүтүн сагынычтар, тагдырга болгон таарынычтар төгүлүп кетчүдөй сезилет. Апакемсиз кандай гана күндөрдү башыман кечирдим. Кээде таарынам, «эмнеге төрөдү экен бизди», - деп. Бирок менин апам бул жашоодон эрте кетерин билгенде, мени эч качан төрөбөйт эле.
Урматуу окурмандар, ата-энеңиздерди көзү тирүсүндө сыйлаңыздар! Эч ким алардын ордун толуктай албайт.
7-канал