Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1: Айнуру Алтыбаева: “Аткарылбаган куру убадаларды бербейбиз”

«Биримдик» №1: Айнуру Алтыбаева: “Аткарылбаган куру убадаларды бербейбиз”

16-сентябрь, 19:08
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 16-сентябрь “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын үгүт иштери Ош облусунун Өзгөн районунда улантылды. Жергиликтүү тургундар менен  жолугушууда партиянын лидерлери сөз сүйлөп, “Биримдик” партиясы жаш жана саясатка кадам таштаганына бир жыл болгонуна карабай, жалпы Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунда өзүнүн күчтүү командасын чогулта алганын белгилешти. 

Өзгөн районунан депутаттыкка талапкер Айнуру Алтыбаева өз сөзүндө партиянын программасы өлкөнүн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталгандыгын жана социалдык адилеттүүлүк принциби партиянын саясатынын негизги өзөгүн түзѳрүн баса белгилеп ѳттү.

“Кубаттуу Кыргызстан – бул  ынтымактуу, бирдиктүү Кыргызстан! Биздин балдарыбыз экономикалык жактан кубаттуу мамлекетте жашаганга татыктуу” деди Айнуру Алтыбаева.

Талапкер партиянын идеологиясы тууралуу кыскача мындай деди: “Евразия мейкиндигинде жашаган элдердин тарых-тамыры, маданияты бир. Эзелтеден тарыхый, этникалык, маданий, саясый жана экономикалык байланышта болуп келген. Биз ушул багытка ат тизгинин буралы деп турабыз. Бул жаңылбаган, ар тараптан ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып баруучу багыт”.

Ошондой эле талапкер Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо тармактары тууралуу айтып жатып, “ар бир жаран татыктуу жашоого укуктуу. Биз саясый популизмге алдырып, куру убада бербейбиз. Биз реалдуу программаны ишке ашырабыз. Өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү Кыргызстанда жашаган элдердин достугуна, интернационалдыкка жана ар башка этностордун өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакка негизделет. 4-октябрда бирдиктүү “Биримдик” партиясын колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм” деп сөзүн жыйынтыктады Айнуру Алтыбаева.


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер