Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болобу, же бийликти сызга отургузабы?

Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болобу, же бийликти сызга отургузабы?

18-апрель, 22:57
896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маевский жана “Мегакомдун” иши боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталышканы – чындыгында эле кескин бурулуш болду. Буга чейин ит жыгылыш оюн уланып келаткан. Өмүрбек Текебаев бийликти сындап атып, ал ортодо жаңыдан жеткен мандатынан да ажыраган эмеспи. Кайрадан соттук процесстердин эзүүсү башталса, карама-каршы күрөштөр улана бермек. Айрым булактардын баамында, ортого Камчыбек Ташиев түшүү менен Садыр Жапаровдун маанайын жумшартканы, Өмүрбек Текебаевди Бельгияга элчи кылууга макулдугун алганы ыраспы? Дал ушул кеп тар чөйрөдө талкууга алынууда. Ким билет? Баардык куугунтук иштери токтоп, акталгандан кийин жаңы кызмат деле күтүп турушу мүмкүн. Учурда бийликтегилер таасирдүү, карт саясатчыларды алдап-соолап, тоскоолдук жаратпагандай шартты түзүп алышкандары маанилүү. Дагы бир жагынан алганда, эгер Текебаев Бельгияга элчи болуп кетип калса, анда саясатчы катары жүзүн жоготот, көптүн бири сыңарындай сыпатталып калат да. А балким акталып алгандан кийин бийликтин сунуштарынан баш тартып, оппозиция лидерине айланып кетсечи? Баарын сызга отургузуп. Күтсө болот. Кайсы тарабы утушка жетерин көрө жаталы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер