Текебаев туңгуюкка кептелдиби? Бийлик менен чатакташса эмне болорун билет...


Германиядан Өмүрбек Текебаев учуп келип, партиялаштары, саясаттагы санаалаштары менен акылдашып, камалган үзөңгүлөштөрүн колдоо таризинде бир чечимге келишмек. Жыйын же кайрылуу кылышат беле? Ага жеткизбей ИИМдин тергөө башкармалыгы шашылыш суракка чакырып, көп пландарын бузуп койгон сыңарындай. Тергөөнүн алкагында кандай “соодалашуулар” жүргөнү белгисиз, сыр катары айтылбайт эмеспи. А назилинде Текебаевдин унчукпай туруусу, кечээги досторун, кыйбастарын колдоого албай, саясатты козутпай тынч отурганы бийлик үчүн пайдалуу. Бери карап күлүп, ары карап ыйлагандай болуп, Өмүкенин соңку абалы чатак сымал. Тарых алдында жүрөктөгү акыйкаты буулуп, убактылуу тыныгуу алган кербези. Бир эсе жаш курактын келип калганы, алтымыштан ашканы ичтен тизгин тарттырып, токтотуп турса керек. Бийлик менен кагылышса эмне болорун билет. Элчилик кызмат көздөн учуп, темир тор көрүнүп калышы ыктымал. Тек гана кала берсе, эртең эл эмне дейт? Кыскасы, Текебаев саясаттагы туңгуюк жолго кептелип калгандай. “Солго барсаң атың, оңго бассаң өзүң...” дегендей. Эми кантет?..
"Азия Ньюс" гезити











