Акыркы кабарлар
» Коом » Караколдо 18 жаштагы кыз төрөтканада каза болду
Караколдо 18 жаштагы кыз төрөтканада каза болду
03-август, 18:58
1 942 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 18 жаштагы кыз төрөтканада каза болду. Маркумдун жакындары кыздын өлүмүнө дарыгерлерди айыптаган видео интернетке тарады.
Социалдык тармакка чыккан видеонун негизинде аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, дарыгерлер, медайымдар суралып жатканын билдиришти. Ал эми жабырлануучулар арыз менен укук коргоочуларга расмий кайрыла элек.