Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болотбек ИБРАИМЖАНОВ, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы: “Чет өлкөлөрдөгү диаспоралар менен тыгыз иш алпарабыз”

Болотбек ИБРАИМЖАНОВ, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы: “Чет өлкөлөрдөгү диаспоралар менен тыгыз иш алпарабыз”

21-октябрь, 14:11
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Болотбек Сапарбаевич, мигранттардын саны боюнча кандай тендеция байкалууда? Алардын саны жылдан жылга өсүп жатабы, же?.. 

-- Өзү бизде жылына эмгек ресурстарына 70 миңден адам кошулат. Анын жыйырма миңдейине жумуш табылса, калганы миграцияга кетет. Бирок, Евразиялык экономикалык аймактын ичинде бул миграция деп эсептелбейт, ал жалпы аймак болуп калбадыбы. Аны тек гана Евразиялык экономикалык аймактын ичинде өзүнө ылайыктуу жумуш караштыруу десек туура болочудай. Ал эми ЕАЭБден сыртка чыкса – бул миграция. 

-- Мурда биздин эмгек мигрантттары негизинен Россия менен Казакстанга эле барышса, азыр эми сыртка да көп кетип атышпайбы. Алар менен  кантип иштешесиздер?

-- Туура. Мисалы, Америка кошмо штаттарында биздин жарандардын саны 30 миңден ашты. АКШда, Европа өлкөлөрүндө эмгек жаатында аябай мыкты мыйзамдар кабыл алынган. Эгер жумушка расмий түрдө кабыл алынып, эмгек келишими менен иштесе, алардын укугу аябай жакшы корголгон. Анан алардын укугун коргой турган биздин элчиликтер, консульстволор бар. Андыктан, өнүккөн өлкөлөрдө биздин мигранттардын эмгекке болгон укугун бузуу учурлары аз эле. 

Дагы бир белгилей турган нерсе, биздин өкүлчүлүк жок жерде биз диаспоралар менен тыгыз иш алпарабыз. Алар бизде кызмата турбаса дагы, бизден айлык алышпаса дагы, сырт жакта жүргөн мекендештерибиздин  башын бириктирүү, маданий  иш-чараларды уюштуруу, бири-бирине юридикалык жардам берүү жагынан көп иштерди жасашууда. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер