Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Булбулсуз өткөн бир жыл”. Бүгүн Элмирбек Иманалиев каза болгон күн
“Булбулсуз өткөн бир жыл”. Бүгүн Элмирбек Иманалиев каза болгон күн
20-апрель, 17:02
1 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Дал ушул күнү, 2020-жылдын 20-апрелинде алп акын, обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиев каза болгон.
Мына минтип акыныбыздан айрылганыбызга дал ушул күнү туура бир жыл болду. Эскерте кетсек, залкар акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелде кант диабети оорусунан улам ооруканадан 42 жаш курагында каза болгон.
Бүгүн, 20-апрелде алп акыныбыздын арабыздан кете бергенине бир жыл болгонун эскерип, анын достору, замандаштары, шакирттери куран окутуп, “аттиң, дагы жашаса эмне” деп муңканып олтурушат. Элмирбек Иманалиевдин жакын досу, акын Жеңишбек Жумакадыр өзүнүн соцтармактагы баракчасына акындын “Булбулум” чыгармасынын обонуна салып, ыр чыгарып, жүрөктү сыздаткан эскерүүсүн жарыялады.