Көлдүн сезонунда генерал Боронов өздүк курамы менен иштермандыгын көрсөттү
Эсиңерде болсо, мурда көл кылаасындагы “кызыл шапкечендердин” ыйкы-тыйкысы, интригасы токтобой, ЖМКларга чейин чыгып турчу. Туристтик сезондо сөзсүз жаңжалдар орун алчу. Ал эми быйылчы? Мурдагы катачылыктар кайталанбай, баары ырааты менен кетүүдө...
Ысык-Көл ОИИБ начальниги Мурат Боронов татыктуу ишмердигин көрсөттү. Сезонду жогорку деңгээлде өткөзүп, коомдук-коопсуздук абалды, тартипти темирдей кармай алды. Миллиондон ашык эс алуучулардын бейпилдигине кам көргөнүнө баракелде! Көлдө жылыга жайында чуулган чыгып, интернет айдыңында талаш-тартыш, талкуулар жанданып эле жатчу. Быйыл Кудай жалгап, алдын ала көрүлгөн аракеттердин негизинде тынчтык өкүм сүрдү. Генерал Боронов күнү-түнү тикесинен тик туруп, өздүк курамы менен иштермандыгын көрсөттү. Чыныгы кесипкөйлүгү, милициянын ишине берилгендиги, ак жүрөктүгү менен ийгиликтерди багындырууда. Кайсы гана жерде жетекчи болбосун, агабыз жасаган иши менен жылуу сөзгө эгедер, мындайча айтканда, жакшылык жаратуучу. Эң башкысы, Мурат мырзанын адамдык сапаты жогору. Түз жүрөт, ишенимдүү жолдош. Мындай адам менен чалгынга коркпой чыксаң болот.
Айтмакчы, быйыл күздө ИИМдин 100 жылдыгы белгиленет. Балким, Мурат Бороновдун эмгеги бааланып, күтүүсүз сый-ургаал жасалып калса, куп жарашмак. Татыктууну талдай билели да. Асыресе, баш көтөрбөй иштеп, чыныгы эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнгөн каарманыбыздын багындыра турган ашуулары али алдыда...
"Азия Ньюс" гезити