Акыркы кабарлар
» Коом » Кытайда акыркы алты айда биринчи жолу коронавирустан каза болгон учур катталды
Кытайда акыркы алты айда биринчи жолу коронавирустан каза болгон учур катталды
22-ноябрь, 17:23

Гонконгдогу SCMP гезитинин маалыматына ылайык, Кытайда акыркы алты айда биринчи жолу бир адам коронавирустан каза болду.
Пекиндин 87 жаштагы тургуну 11-ноябрда дарыгерлерге кайрылган. Ал жөтөлө баштаган, жеңил симптомдор менен инфекция тастыкталган. Бир нече күндөн кийин анын абалы кеңири пневмониядан улам начарлап, септикалык шок болгон. Каза болгондугу 20-ноябрда белгилүү болгон.