Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нике түнү төшөгүбүз булганган жок. Эртен менен күйөөм ажырашууну айтып чыкты

Нике түнү төшөгүбүз булганган жок. Эртен менен күйөөм ажырашууну айтып чыкты

07-сентябрь, 12:13
1 481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул окуя казакстандын Кентау аймагында болгонун Nur.ks жазып чыкты.

Күнөөсү жок болсо дагы нике түндөн кийин төркүнүнө жеткирип салган келин окуяны мындайча айтып берген.

“Алматыга иштеп келгем. Соцсет аркылуу жердешим менен байланышып жүрчүмүн. Негизи бир мектепте окуганбыз, бирок сүйлөшчү эмеспиз. Ноябрь айында өзүбүздүн шаарга келдик. Ал менин келгенимди угуп, жолугушууга чакырды. 6-ноябрда экинчи жолу жолугушууга чакырып, ошол жерден мени ала качып кетти. Башында каршы болуп, турмушка эрте чыкпай турганымды айттым. Бирок анын карыган апасы жалынып-жалбарып калышымды суранды. Ошентип отурдум. Той болду. Ата-энеме барышып, 2 миӊ доллар акча берип келишти.

Кызыктын баары нике түндөн кийин башталды. Нике түнү төшөгүбүз булганган жок. Эртен менен күйөөм ажырашууну айтып чыкты. Эч кимге айтпай тынч эле кетип калуумду сүйлөшкөнбүз. Бирок, ал турганда апасына айтып салды, мени урушуп башташты. Бирок мен эч ким менен жолугушкан эмесмин да буга чейин.

Дароо эле клиникага барып, текшерилип келдим. Алар кыздык белги өтө тереӊ экенин, же күйөөӊдүкү жетишерлик көлөмдө эмес, мындай учурда кыздык белги түшпөөрүн айтып, кетиришти. Мен күйөөмдүн жакындарына барып клиникага чогуу барышын сурандым. Бирок алар барбастыгын айтып, мени кет деп туруп алышты. 

Кийинки күнү башка гинекологго бардым, алар деле ошону айтышты. Тилекке каршы «справка» жазып бере алышпайт экен. 

Андан кийин уруш өзүмдүн үйүмдө уланды. Алар келип мени жамандашып, акчаны алып кетебиз дешти. 40 миң теңге коротулуп кеткен экен. Аны кызыңардын бир түнү үчүн төлөдүк дешти. Мени ата-энем дагы жаман көрүп, бүт айылга уят кылдың, көчөгө кантип чыгабыз?” деп жаман болушту.

Окуядан бир жума өтпөй ал бала башка кызды алды. Апасы бул жолу кызды клиникадан текшертип, анан үйүнө алып келгенин уктум.

Айнур учурда өзүнүн чындыгын айтып, басынткандар тийешелүү деӊгээлде  жазасын алууга кызыкдар болууда.

Айнур

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер